whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.01.2026
-13.9 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомТашиев келет экен дешип...

Ташиев келет экен дешип…

Өткөн жуманын этегинде укук коргоо органдарынын облустук кеңешинин координациялык жыйыны болуп, облуста жол курулуш иштеринин жүрүшү, кум, шагылдарды казууга карьерлерди лицензиялоонун мыйзамдуулугу маселелери каралды.

Жыйынга облустагы укук коргоо тармагынын жетекчилери, облустук мекеме уюмдардын жетекчилери, район, шаардын жетекчилери катышты. Эң оболу, Талас шаарындагы тротуарлардын курулушу неге создугуп жатат, деги кайсыл убакта сапаттуу, өз мөөнөтүндө аяктайт деген маселе коюлду. Шаар бийлигинин өкүлдөрү демейдегидей эле өз мөөнөтүндө бүтөт деген жоопторун айтышты. Координациялык Кеңеш убаданын негизинде чечим кабыл алып, иштин 50 пайызын 15-июлга чейин, толук бүткөрүүнү июль айында аяктоо тууралуу протоколго жазышты. Жол курулуштун сапаттуу жүргүзүлүшүн жана республикалык бюджеттен бөлүнгөн 300 млн. сомдук каражаттын максаттуу, натыйжалуу, мыйзамдуу жумшалышын катуу көзөмөлгө алуу боюнча укук коргоо органдарына тапшырма берилди.

Жыйында Талас шаарындагы 52 чакырым тротуарды куруу боюнча 8 фирма иштеп жаткандыгы айтылды. Бирок иш ыкчамыраак, жигердүү жүрбөй жатканы да иликтөөгө алынышы керек деген жүйөлүү маселе козголду. Ошону менен Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев жакынкы күндөрү Таласка иш сапары менен келет деген  кабар тараган соң, Таласта иш бир топ жасала баштагандай.

Козубек ИМАНКУЛОВ, «Кыргыз Туусу»

Гезит

Бактысын гүлдөн тапкан Гүлмайрам

               Каарманыбыз Гүлмайрам Карабаева эженин гүлгө болгон кызыгуусу балалыктан башталган. Ошондон тарта анын кызыгуусу өчкөн жок. Тескерисинче өсүп,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар