27-февралда Бээжиндин Тайланддагы элчилиги, Тайландда он жылдан ашык убакыт бою кармалып турган уйгур эркектер Кытайга депортацияланганын ырастады.
Маалыматка ылайык, өткөн айда бул адамдар коомчулукка кайрылып, депортацияны токтотууну суранышкан. Эми алар Кытайда түрмөгө камалып же өлүм жазасына тартылышы мүмкүн.
Тайланддык мыйзам чыгаруучулар жана эл аралык уюмдар бул өлкөнүн өкмөтүн аларды депортациялабоого чакырып, эгер ошондой чечим кабыл алынса адам укуктарын одоно бузуу болорун эскертишкен.
Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Волкер Түрк 27-февралда уйгурлардын депортацияланышын “эл аралык укуктарды жана стандарттарды ачык түрдө бузуу” деп баалады.
“Менин кеңсем Тайланд бийлигине бул адамдар эл аралык коргоого муктаж экенин жана аларга карата эл аралык мыйзамдарга ылайык мамиле кылуу керектигин бир нече жолу эскерткен. Алар күч менен кайтарылганы терең өкүнүчтүү. Эми Кытай бийлиги алардын кайда экенин ачык айтып, эл аралык стандарттарга ылайык мамилени камсыздоосу маанилүү”, — деди Түрк.
Кытай элчилиги Фейсбукта билдирүү таратып, 40 кытай жараны атайын чартердик учак менен Кытайдын түндүк-батышындагы Шинжаң аймагына кайтарылганын билдирди.
Кытайдын CCTV телеканалы бул адамдар кылмыштуу топтордун алдоосуна кабылып, Тайландда калып калышканын маалымдады.
2014-жылы Кытайдан качып чыккан 300дөн ашуун уйгур Тайландда кармалган. 2015-жылы Тайланд бийлиги алардын 109ун Кытайга күчтөп кайтарышы эл аралык деңгээлде кескин сынга алынган. Калган 173 уйгур Түркияга жиберилген, 53ү Тайландда башкалка сурап калып калган.
Он жылдан ашуун убакыттан бери уйгур туткундар Тайланд үчүн дипломатиялык көйгөйгө айланган, анткени өлкө Кытай менен экономикалык өнөктөш болсо, АКШ менен аскердик союздаш мамиледе.