АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) Ирандын портторуна карата толук деңиз блокадасы киргизилгенин маалымдады.
Командачылыктын башчысы Брэд Купер билдиргендей, америкалык аскерлер Иранга жана Ирандан чыккан деңиз соодасын толугу менен токтоткон.
Маалыматка ылайык, блокаданын алгачкы 24 саатында бир да кеме аны бузуп өтө алган эмес. Алты соода кемесине Оман булуңундагы иран портторуна кайтып баруу буйругу берилген.
Ошол эле учурда CNBC Windward деңиз аналитикалык компаниясынын маалыматына таянып, блокаданын биринчи күнү кеминде эки кеме Ормуз кысыгы аркылуу өткөнүн кабарлады. Алардын бири — Кытай компаниясына таандык жана АКШнын санкциясына кирген Rich Starry танкери.
АКШ 13-апрелде Ормуз кысыгына кирип-чыккан иран портторуна байланышкан бардык деңиз транспортуна чектөө киргизген. Ошол эле учурда гуманитардык жүктөр — азык-түлүк, дары-дармек жана биринчи керектелүүчү товарлар текшерүүдөн өткөндөн кийин өткөрүлүшү мүмкүн.
Иран бийлиги бул блокаданы ийгиликсиз деп баалап, ага каршы экенин билдирген. Блокадага Россия, Кытай жана Улуу Британия сыяктуу бир катар өлкөлөр, ошондой эле TotalEnergies компаниясы да сын айтышты.
Маалыматтарга караганда, Жакынкы Чыгыштагы айрым мунай экспорттоочу өлкөлөр да абал курчуп кетишинен кооптонуп, АКШны блокаданы жеңилдетүүгө чакырууда.
Эске салсак, АКШнын президенти Дональд Трамп бул чечимди Иран менен Исламабаддагы сүйлөшүүлөр натыйжасыз аяктагандан кийин кабыл алган. Жакынкы күндөрү тараптар жаңы сүйлөшүү өткөрүшү мүмкүн экени айтылууда.
