Башкы беткеСоциалдыкБалдарга паспорт алуу тартиби жеңилдетилди

Балдарга паспорт алуу тартиби жеңилдетилди

Жогорку Кеңеш депутаттары “Тышкы миграция жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда кабыл алышты.

Мыйзам долбоорунун негизги максаты — 16 жашка чейинки Кыргызстандын жарандарына жалпы жарандык паспорт алуу жол-жобосун жөнөкөйлөтүү.

Жаңы тартипке ылайык, эми балага паспортту ата-энесинин биринин арызы менен эле алуу мүмкүн болот. Буга чейин документти тариздөө үчүн эки ата-эненин тең макулдугу талап кылынчу.

Демилгечилер белгилегендей, көп учурда ата-энелердин бири чет өлкөдө болуп, байланышка чыкпай же тарбияга катышпай калган учурлар кездешет. Мындайда экинчи ата-эне сотко кайрылууга аргасыз болчу.

Ошол эле учурда бул жеңилдетүү паспорт алууга гана тиешелүү. Баланын чет өлкөгө чыгуусу үчүн мурдагыдай эле эки ата-эненин макулдугу талап кылынат.

Жаңы норма чет өлкөдө жүргөн жашы жете элек кыргызстандыктарга жайылтылбайт. Аларга паспорт алуу үчүн эки ата-эненин макулдугу сакталат.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар