whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
29.04.2025
21.7 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомАты-жөнүбүздү сабаттуу жазалы

Аты-жөнүбүздү сабаттуу жазалы

Өз ысымыбызды жана тегатыбызды эне тилибизде так, катасыз жазуудан эч корунбайлы, эч ийменбейли.

Илимге эле келсек… Эгерде илимпоздун тегаты паспортунда, маселен, совет доорунда Джапаров, Джаныбаев, Омурбаев болуп жазылып калса, анда илимдеги кээ бир аткаминерлер ошол кишинин эгемендик доорунда Жапаров, Жаңыбаев, Өмүрбаев деген тегат менен кыргызча жарыяланып калган эмгегин  «сиздики деп эсепке албайбыз» деп чыгышканы уят иш болду!

КР Жогорку аттестация комиссиясы да ушул жагдайды эске алуусу керек, себеби, баары бир кишинин өздүк номуру (ИНН) анын тегаты кыргызча Жаңыбаев, орусча Джаныбаев болгонуна карабастан, эч өзгөрүүсүз, демек, бирдей эле болуп сакталып калып жатпайбы.

Мында эч чаташуу болбойт.

КЭРге келсек, мында Ван тегатында 93 миллион киши, Ли тегатында 92 миллион киши, Чжан тегатында болсо – кыйла «азыраак» эле – 87 миллион киши катталган экен. Корейлерде Ким, Пак, ж.б. миллиондогон тегаттар бар, чаташтырбай эле жүрүшөт. Эгерде Сеулдагы дөбөдөн таш ыргытсаң, анда ташың Ким, Ли же Пак деген тегаттагы кишиге тийип калышынын ыктымалдыгы 50%га жакын деген азил сөз бар эмеспи.

Ал эми 5 миллиондуу кыргызда Джапаров менен Жапаров, Жаңыбаев менен Джаныбаевдер, кыйын болсо, бир нече миңге бараар? Айрым аткаминерлер чаташса да, эч бир жөнөкөй компүтер (эсепкер) чаташпайт.

Илгери кээ бир койчулар өзүнүн эч аты жок 500 коюнун ар бирин деле компүтерсиз эле өңүнөн таанычу дешет.

Башкы маселе – өз эне тилин кадырлоо деңгээлинде.

Айтмакчы, азербайжан илимпоздору совет доорунда эле эмгектерин орусча Алиев, азербайжанча Ализаде (Әлизадә) деп ээн-эркин жарыялай беришчү. Өз атыбызды өз эне тилибизде так жазуудан илимпоздорубуз корунса, анан каякка барабыз? Бул жарыям – КР Жогорку аттестация комиссиясына, КР УИАсына, кыргызстандык университеттерге, Билим берүү жана илим министрлигине, Маданият министрлигине, Мамлекеттик тил комиссиясына, терминология комиссиясына, Мамлекеттик катчыга жана ардактуу депутаттарга (алардын бардыгынын кулагына күмүш сырга катары)  жолдонууда.

Мен совет доорунда эмгектеримди «Чороев» тегаты менен жарыялачу элем. 1989-жылдын 23-сентябрындагы мамлекеттик тил тууралуу мыйзамга шыктанып, эгемендик доо-рунда өз эмгектеримди «Чоротегин» тегаты менен жарыялап келем. Эч кандай чаташуу болгон жок. Тынчтыкбек Чороев менен Тынчтыкбек Чоротегин — бир эле жаран экендигин илим чөйрөсүндө дурус билишет. КР ЖАКы да дипломдорумду ушул эки тегатты кошуу менен тастыктап берген.

Демек, Баялинов / Баялы уулу, Джапаров / Жапаров, Джаныбаев / Жаңыбаев, Джумагулов / Жумагулов, Кобуков / Көбүков, Кучуков / Күчүков, Куюков / Күйүков, Омурбаев / Өмүрбаев, Джамгерчинов / Жамгырчы уулу, Болобалаев / Бөлөбалаев, Саманчинов / Саманчы уулу, Уметов / Үмөтов, Усенов / Үсөнов, Усманов / Осмонов – бир эле кишинин тегатынын орусча жана кыргызча варианттары экендигин бешиктеги бала да түшүнүп кабыл алгандай деңгээлге жетиш үчүн өзгөчө БИЙИК ДЕҢГЭЭЛДИН ДЕЛЕ кереги  жок.

Кайдыгерлик гана бутка тушоо болуп жатат.

Айтмакчы, «тегин» деген кып-кыргызча тегат жаратуу сунушун мурдагы депутат бабаларыбыз 1989-жылы 23-сентябрда мамлекеттик тил тууралуу мыйзам кабыл алганда эле сунушташкан. КР Президенти С.Жапаров дагы «тегин» деген кыргызча антропоформантты (тек ат жаратуу усулун) сактап калууну эп көргөндүгүн канааттануу менен кабыл  алдым.

1989-жылдагы депутаттар 2025-жылдагы депутаттардан караңгыраак болушкан эмес, алар өз маалында Түгөлбай Сыдыкбеков, Чыңгыз Айтматов, Кусейин Карасаев, Бүбүйна Орузбаева, Садыбакас Өмүрзаков, Салмоорбек Табышалиев, Өмүркул Караев, Салижан Жигитов, Кеңеш Жусупов, Сыртбай Мусаев, ж.б. айдыңдардын кеп-кеңештерин угушкан. Демек, алардын чечимин да тарыхый мурас катары кабыл алуу кажет.

Тынчтыкбек ЧОРОТЕГИН,
профессор

 

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар