whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.07.2025
22.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомЖурт туткасы — Иманалы Айдарбеков

Журт туткасы — Иманалы Айдарбеков

Кыргыз тарыхындагы кыйчалыш заман, кыйын кезеңдер улуттун  улуу инсандарын жаратты. Алардын бири – Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун төрагасы, туңгуч өлкө жетекчиси Иманалы Айдарбеков.

XIX кылымдын соңунда Сары Өзөн Чүйдүн Күнтуу болуштугуна караштуу Арчалы айылында солто элинин манабы Айдарбек Турдиндин үйүндө кубанычтуу жаңылык орун алды. 1884-жылдын сентябрь айынын бир күнүндө уулдуу болуп, азан чакырып атын Иманалы атады. Оо, ошондо жарыкка келген наристесине үңүлүп, ымыркайынын ыңаалаганына куштар болгон Айдарбек артымдан изимди улаар уулум деп эбедейи эзиле, туулганына эмес тураарына сүйүнөйүн, амандыгын тилеп атпай кыргызга кызматы өтсүн деп ичинен аруу тилегин арнаган чыгаар!?

Солдон оңго: үчүнчүсү Иманалы Айдарбеков.Айыл чарба мектебинде окуп жүргөн жылдарында
Солдон оңго: үчүнчүсү Иманалы Айдарбеков. Айыл чарба мектебинде окуп жүргөн жылдарында

Дыйканчылык жана мал чарбачылыгы менен алектенген Айдарбек туну Иманалынын окууга дилгир экенин байкап, алгач айылдык молдодон окутуп, андан соң орус-тузем мектебине берет. Орусча тез өздөштүрүп, окуунун алдыңкысы саналган Иманаалы 1898-жылдан 1904-жылга чейин Пишпектеги айыл чарба мектебинде окуйт. Ошол эле жылы алыскы айыл чарба мектебинин сунуштамасы менен Ташкент калаасына жиберилип, ал жакта Гидротехникалык окуу жайында билимин улантат. 1908-жылы атасы Айдарбек капилеттен каза болот. Иманалы аргасыз артка кайтып, үйүндө баш-көз болууга туура келди. 1912-жылдан 1918-жылга чейин Иманалы Айдарбеков айылдык башкармалыкта катчылык кызматты, тилмечтикти, Пишпектин райондук башкармалыгынын жардамчысы милдеттерин өтөйт.

Абдыкерим Сыдыков жана Иманали Айдарбеков

Дал ошол тушта солто элинин Талкан болуштугун бийлеген Өзүбек Бошкоевдин уулу Сыдык уулу Абдыкерим менен өлкөдөгү абал жана орус империясында жүргүзүлүп жаткан саясат тууралуу пикир алышып калат. Абдыкерим Сыдыков Татарстандын борбору Казанда айыл чарба багыты боюнча билим алып жүрүп жакын досу, агартуучу Ишенаалы Арабаевден саясий жактан көптөгөн сабак алган эле. Ошентип улут тагдырына кайдыгер карабаган уулдар баштары кошулганда мекен жүгүн татыктуу көтөрүп, келечек тууралуу зор максаттарды алдына коюшат.

1916-жылдагы улут башына түшкөн каргашалуу Үркүн окуясында Иманалы Айдарбеков кабыргасы кайышып, өзү сындуу улутка күйгөн алдыңкы өкүлдөр менен бирге элибизди бу ак падышанын апаатынан кантип аман сактап калабыз деп жолдорун издешти. Дал ошол үчүн ал Чүйдүн тоо этектей жайгашкан солто элин, Арчалы айылынын тегерек-четиндеги журтту тоо этектей көчүп кеткиле, бу алаамат акыры токтой турган күн келер деп элди аман сактап калууга жан үрөдү.

Түркстан большевиктеринин биринчи съезди 1918-жылдын июль айында өткөрүлдү. Большевиктер кыргыз жергесине келишкенде бул жакта катарларын толукташ максатында, социалисттик түзүлүштү чыңдоо үчүн ошол кездеги кыргыз ичинен чыккан билимдүү, орус тилинде ээн-эркин сүйлөп, саясий жактан бышып жетилген уюштуруучулук жөндөмү бар адамдарды издешкен. Албетте, алар ошол кездеги билим десе билимге бай, уюштуруучулук жөндөмү жогору Иманалы Айдарбековду катарына кошуп, ишмердүүлүгүн жүргүзүүнү көздөштү.

1921-жылдын 29-октябрынан 31-октябрына чейин Пишпекте кезектеги съезд өтүп, анда 325 делегат катышат. Съездди Иманалы Айдарбеков уезддик-шаардык революциялык комитеттин төрагасы катары: “Жер жана суу реформаларын жүргүзүүгө” тынч мезгил эми келди. Саясий стабилдүүлүк орноп, жергиликтүү шайлоо органдарын баштоо демилгеси бышып жетилди. Советтик өлкө – жолдош Ленинди шайлап алышты!”– деп жарыялады.

Партиялык бийлик бир топторун мурункунун калдыктары деп тазалоодон баштады. Ага карабай өз заманынын алдыңкысы саналган,  мурдатан башкаруу системасын терең өздөштүргөн Иманалы Айдарбековду жогору баалап, революциялык комитеттин мүчөсү катары “Айылдык коомдун” башкармалыгына, анан уезддик “Аткаруу комитетине” шайлайт. 1920-1921-жылдары Пишпек уезддик аткаруу комитетинин төрагасы, 1920-1921-1923-жылдары Пишпек уездинин шаардык Советинин Аткаруу комитетинин төрагасы милдетин өтөдү.

1923-жылы Жети-Суу облустук Советинин Аткаруу комитетинин президиумунун мүчөсү кызматын аркалайт. Айдарбеков жеке сектордо инженердик адис болуп иштегендиктен Чүй каналын уюштуруу иштеринде алгылыктуу мээнет өтөдү. Калкты жайгаштыруу башкармалыгында Үркүндө Кытайга качкан кыргыздарды кайра кайтаруу ишине аралашып, элди отурукташтырууга салым кошту. Аймак жагынан алганда аябагандай чоң Жети-Суу облусунун аткаруу комитетинде иштеп, аны жетектеди.

1921-жылы алдыңкы интеллигенция Тоолуу Кыргыз облусун түзүү идеясын сунуштады. Демилгени алгачкылардан болуп билимге мол Абдыкерим Сыдыков көтөрүп чыкты. Советтик өкмөт орногон чакта казак журту Кыргыз АССРи деп аталып, кыргыз эли алдыңкы сапка чыкпай калган. Мына ушул көрүнүш улут үчүн күйгөн Абдыкерим Сыдыков жана Иманалы Айдарбеков сындуу уулдардын зээнин кейиткен. Башта Тоолуу Кыргыз облусу болуп түзүлүп алсак, анан андан кийин РСФСР курамынын ичиндеги Кыргыз АССРи, кийин Кыргыз ССРи болууга кудуретибиз жетет деп ишенишкен. Тоолуу облус түзүү демилгеси Түркстан өкмөтүнөн уруксат алып, Жети-Суу облустук партия уюму колдоого алды. Тилекке каршы, ортодогу саясий тирештер, бири-бирин каралоолор орун алып, большевиктердин катарында ичине ийне батпаган, жеке кызыкчылыгын ойлогондор ортого от жагып, Абдыкерим Сыдыков, Ишенаалы Арабаев, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахмановдордун Тоолуу Кыргыз облусун түзүү идеясына каршы чыгышып, Москвага тоголок кат жазып, бут тосушту.

Ошентип Сталиндин дал өзүнө жеткен терс маанайдагы каттан улам Тоолуу Кыргыз облусу болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады. 1922-жылы коммунисттик партиянын катарынан чыгарылган Абдыкерим Сыдыковду саясий сүргүнгө айдашат. Кыргыздын кыйын чыкмаларынын баштары бирикпесин деген тейде  Ташкентке жиберилген Абдыкерим Сыдыков милиция башкармалыгында, кийин Өзбекстандын айыл чарба тармагында жооптуу кызматтарда иштеди. 1924-1925-жылдарда Сыдыков Ташкенттеги Кара-Кыргыз Автоном облусунун өкүлү кызматын аткарды.

Бири-бирине кара санамай күч алды. Большевик терисин жамынып, өлкөдөн мурда өз кызыкчылыгын жогору койгондор партиялык кызматта арбын болчу. Алар, Иманалы Айдарбеков, Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов жана Ишенаалы Арабаев өңдүү улут лидерлеринин кадамдарына жолтоо болуп, жогорку эшелонго туура эмес маалыматтарды, түрдүү ушактарды жөнөтүп, тоголок каттарды тоголотуп атышкан эле.

Рахманкул Кудайкулов менен Дүйшөнаалы Бабаханов баштаган топ бөлүп-жарып башкарууну көздөшкөн. “Кошчу” жана “Букара” деген уюмдарды жетектеп келген Кудайкулов да бир топ абройго ээ болуп, аны колдоого алышкан 40 миңге жакын кедей-кембагалдар, дыйкандар бар эле. Бабаханов эми өзүнө баш ийген адамдарына Сыдыковдун тарапташтарын мокочо көрсөтүүгө жан үрөйт. Өз алдынча өлкөгө айлансак деген ойдон алыс турган Кудайкулов Кыргызстандын Түндүгү Казакстанга, Түштүгү Өзбекстанга кирсе деген ниетте болгон. Аныгында, ал өзүн Казакстан курамына кирген кыргыз журту үчүн “Калк атасы” аталсам деген кыялы бар эле. Бактыга жараша, “кудайкуловчулардын” тилегин таш каап, 1924-жылы 14-октябрда Кара-Кыргыз Автономиялуу облусу жаралды.

Кыргыз эли мамлекет катары калыптанышы үчүн канчалаган азаптуу жолдорду басып олтуруп, акыры мамлекет түптөлдү. Кара-Кыргыз Автономиялуу облусун түзүүгө эбегейсиз күч жумшагандардын алдыңкы сабында Иманалы Айдарбеков, Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов жана Ишенаа-лы Арабаев болсо, аларды колдоого алып, канат-бутак болгондордун катарында Турдалы Токбаев, Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматов, Эркинбек Эсенаманов, Баялы Исакеев, Данаке Иманов, Дали Зульфибаев, Токчоро Жолдошов, Кожокан Шооруков, Базаркул Данияров, Касымбай Телтаев, Таш Кудайбергенов өңдүү күжүрмөн инсандар да бар эле. Сан-миңдеген жылдар бою Ала-Тоо койнунда өз алдынчалуулукка умтулуп, өзүнчө мамлекет болсок деген кыялдын башаты, мына дал ушундайча башталды.

Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун башчылыгы үчүн да айыгышкан кармаштар жүрүп, бийлик башына Кудайкуловчулардын тобунан Ыбрай Тойчинов төрагалыкка көрсөтүлсө, Сыдыковчулардан Иманалы Айдарбековду талапкер кылып алдыга сүрөштү. СССР Борбордук Аткаруу Комитети тарабынан Москвага аттанган кыргыз делегаттарынын арасында Кудайкулов жана башкалары да бар болгондуктан, ал жакта да талаштар орун алды. Акыры Москвада өткөн бир топ талаш-тартыштардан улам билимдүү, уюштуруучулук жөндөмү жогору деп Иманалы Айдарбековду Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун революциялык комитетинин төрагасы кылып шайлады.

Кара-Кыргыз революциялык комитетинин төрагасы Иманалы Айдарбековдун алдында толгон-токой иштер турду. Миңдеген жылдар бою ата-бабалардын аткарылбай келген үмүт отун жандырып, өлкөнүн өз алдынча куралышы үчүн күндүзү тыным албай, түн уйкусун садага чаап иштөөгө туура келди. Эл көйгөйүн чечүү, башкаруу сис-темасын оң жолго коюу, ордо калааны Ташкенттен Пишпекке көчүрүү, мамлекеттик мекемелердин структурасын түзүү, айтор, толгон-токой маселелерди чечүү иши Иманалы Айдарбеков башында турган өкмөттүн мойнуна жүктөлдү. Алар азыркыдай алдында компьютер, бардык шарттары бар имарат ичинде эмес, шарттары жок бөлмөлөрдө каруусун казык, жанын азык кылып эл үчүн иштешти. Иманалы Айдарбеков башында турган өкмөт бел чечпей, дем алышсыз иштеген ошол алты ай аралыкта эле 665 маселени карап чыгышкан.

Кыргыз мамлекеттүүлүгүн укуктук жактан толук аныктап каттоо үчүн 1925-жылдын 27-мартынан 30-мартына чейинки аралыкта Пишпекте съезд өктөрүлөт. Съезд абдан чыңалган абалда жүрүп, ага он бир улуттан турган 135 делегат катышкан. Буга эски большевик Голубков, Орто Азия бюросунун төрагасы Зеленский, Манжара, Бельский, Серафимов өңдүү коммунисттер катышкан. Съездди Ревкомдун төрагасы Иманалы Айдарбеков ачып, алты ай ичинде жасалган иштери боюнча отчёту угулган. Бул отурумдун алдына өлкөнүн коңшу аймактары менен чек ара тилкелерин тактоо, айыл чарба, экономика, өндүрүш, курулуш тармактарын өнүктүрүү маселелери коюлуп, 51 адамдан турган делегат бекитилет.

Аткаруу Комитетинин төрагалыгына Абдыкадыр Орозбеков сунушталат. Баягы эле Кудайкулов жана анын жан-жөкөрлөрү Иманалы Айдарбековдун отчётуна, жарым жылда аткарган иштерине жогору баа берүүнүн ордуна теги кедей-кембагал эмес, бай-манапчыл, Ревкомдун аппараты кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деп айыптап чыгышат. Съезддин жүрүшүнө жана жооптуу кызматтарга көрсөтүлүп аткандарга нааразычылыгын билдирген Жусуп Абдрахманов өзүнүн тарапташтары менен залды таштап,  чыгып кетет. Съездде Кара-Кыргыз Автономиялуу облусу дегендин ордуна өлкө Кыргыз Автономиялуу облусу аталсын деген сунуш ишке ашырылып, ал ошол эле 25-май күнү ишке ашырылат.

Ошол отурумда Облустук Аткаруу комитетине Сыдыков, Айдарбеков, Абдрахманов жана Чоңбашев сыяктуу адамдар кирбей калат. Бир аз мезгил ишсиз калган Айдарбековду Ташкенттеги Орто Азия кеңсесине башкармалыктын мүчөсү кылып жөнөтүшөт. 1927-жылы Кыргыз АССРинин Башкы сотунун төрагасы кызматын аткарган Айдарбековду 1929-жылы Жеңил өнөр-жайы боюнча Эл комиссары, андан кийин соода тармагынын эл комиссары кылып бекитишет. 1931-1933-жылдары Иманалы Айдарбеков ден соолуктун айынан иштөөгө мүмкүнчүлүк болбой, үйүндө олтуруп калат. Көп өтпөй саламаттыгын калыбына келтирген Иманалы көрө албастарынын кыжырын кайнатып, кайрадан саясатка аралашат. Анткени, билим десе билим, тажрыйба десе тажрыйбасы бар, жоктон барды жараткан Айдарбековдой мыкты кадр, ар качан керек болчу. Бул саам ага СССРдин оор өнөр-жай тармагына салым кошсун деп Кыргыз АССРинин өкүлү кылып дайындайт. Андан соң Кыргыз коммерциялык банкынын башчылыгына шайланат.

1933-жылы 9-май күнү Абдыкерим Сыдыковго, Турды Сопиев Акунга, Ишенаалы Арабаевге жана Касымбай Телтаевге карата “Социал-Туран” партиясы боюнча иш козголуп, алар камакка алынат. Эки жыл аяк бас-пай 1935-жылдын 16-августунда ВКПБнын көзөмөл комиссиясы тарабынан партиянын катарынан чыгарылып, Айдарбековго “абдрахмановчул”, улутчул” деген жалаа жабылат. Ошондон кийин ден соолугунун айынан ишке жарамсыз болуп калган Иманалы сая-сат менен алек болгонго дарамети жетпей, кайрадан үйдө олтурууга туура келет.

Жазмышка айла жок экен… Кара булут Айдарбековдор жашаган ордо калаанын чок ортосундагы Биринчи Май көчөсүндөгү (азыркы Исхак Раззаков атындагы) заңгыраган чоң үйдү айланчыктап, анан каалга какпай босогосун аттай кирди. Ал күн 1937-жылдын 4-августунун жети түнү эле.

…Каалганы аттай киришкен аскер кийимчен адамдардын бири Иманалынын бет маңдайына жете келип, кан-сөлү жок жүзү менен кытмыр тиктей: – Дорофеев! – деди, кулагы катуу адамга өзүн тааныштыргандай үнүн өктөм чыгара.

Анын колундагы бир барак кагаздан Кыргыз ССРинин НКВДсынын 3-бөлүмүнүн кызматкери Дорофеев! Анан анын ылдый жагына тинтүүгө жана камакка алууга уруксат деген №478 ордердеги жазууну окуганга араң жетишти. Өзүнө бекем жабышкан кыздарын бир, аялын бир кучактап калганга араң үлгүргөн Айдарбековду алдыга салып айдап жөнөштү. Бар болгону дарбаза тушка жете бергенде Иманалы Кичкенге дем берейин дедиби, өзүн бек кармап:

– Уккула! Менин эч айыбым жок. Болгону өлкө кандай тапшырма такса, ошону аткардым. Күнөөсүз экенимди далилдеп, кайра кайтам, – деген сөздөрдү айтып араң жетишти.

Бир жылдан ашуун абакта жаткан Айдарбековго карата тергөө учурундагы ур-тепкилер, мазактоолор, кыйноолор… Ал күндөрү НКВД түрмөсүнүн башка бөлмөлөрүндө Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстановдор бу жан алгычтардан запкы көрүп, аргасы куруп атышкан эле. Бардыгынын тең бу тирүүлүктө көрө турган күнү, ичер суусу түгөнүп бараткан.

Абактагы Иманалысын ойлоп көз жашын көлдөткөн Кичкен менен эки кызы айла таппады. Канча бир ирет шаар түрмөсүнө каттап, жолугууга мүмкүнчүлүк ала албай артка кайтты. Ортодон бир ай өтпөй 1937-жылдын сентябрь айында Айдарбековдун үйүндө дагы бир кайгылуу окуя орун алды. Айыл чарба институтунун 2-курсунда окуп жаткан, 22 жаштагы улуу кызы Токтобүбүнүн жансыз денеси шаардын чок ортосунан табылды. Ким өлтүрдү? Кимдин колунан келди? Кимдер күнөөлүү? – деп жүрүп, акыйкат издеп көз жашын көлдөткөн эне мүңкүрөп чөктү. Дагы көп өтпөй Айдарбековдун бир туугандарынын бирөөсүнө кол салынып, ал кырчын кезинде акырет аттанды. Эми ал мектепти жаңыдан аяктаган 18 жашар Рафанын өмүрүн аман сактап калууну ойлоду. Ишенген адамдары аркылуу Рафа Айдарбекова алыскы Москвага сапар алып, эми Кичкен жападан жалгыз калды. НКВД кызматкерлеринин көзүнөн далдаа болоюн деген Рафа вагон астындагы иттерди ташыган темир ящик ичинде апталап жатып, далай азап тартып олтуруп акыры Москвага жетип, алгач ооруканада санитар болуп иштеп, анан Биринчи Москва медициналык институтуна тапшырып өтүп кетти. Түнкүсүн ооруканада иштеп жанын багып, окуусунда да ийгиликтерге жетишти. Ошол күндөрдө Рафа канчалык кыйын кезеңге туш келсе да, аны көөдөндөгү үмүтү алдыга сүрөдү. Эч кимге жамандыгы жок, болгондо да өлкөнү түптөп оң жолго койгон атасын абакка алып жөнөшкөнүн канчалык эстеген сайын каңырыгы түтөсө да, өзүнө кайрат тилеп, алдыга умтулду.

Иманали Айдарбеков кызы Рафа менен

1941-жылы Улуу Ата Мекендик согуш башталган кезде Рафа атасынын күжүрмөн, намыскөй, мекенин сүйгөн атуул экенин далилдеш максатта, кандайдыр бир жеңилдик болоор деп ойлогон кыз апасына кат жазды:

“Кымбаттуу апа!

Мен институтту аяктаган соң сени көрөмбү деп ойлогом. Бирок, андай болбоду. Мен, фронтко жөнөдүм. Суранам, ыйлаба! Мен, өз элимдин бир бөлүгүмүн. Биз, өзүбүздүн жоокерлерибиздин жана офицерлерибиздин өмүрүн аман сактап калышыбыз керек. Жана менин колдорум аларды сактап калууга бар күчүн жумшасын. Биздин жеңиш ар бирибиздин аракетибизге жараша болот. Мен сени  бекем кучактап өбөм! Сенин кызың, Рафа!”

Рафа Айдарбекова – согушта далай апааттардан аман чыгып, жарадар болгон миңдеген адамдарды аман сактап, медицина кызматынын подполковниги наамына жетти. Согуш аяктаган соң 1946-жылы элине аман кайткан Рафа Айдарбекова атасынын ак жерден атылып кеткенин сураштырып билди. Атасына карата НКВД түрмөсүндө далай кордуктар көрсөтүлүп, кол койбой көгөргөндө табуретка менен тергөөчү башка чаап эсин оодарганын, башынан кан шорголоп эс-учу жок жаткан Иманалыны эми тергөөчү мындан эч майнап жок, атып салгыла деп буйрук бергенин уккан Рафа буга чейин кан күйгөн согушту көрүп, далай канды кечсе да атасынын элесин көз алдына тартып болуп, эстен танып жыгылды.

Ошол жылы Рафа Айдарбекова мурда согуш талаасында жүрүп таанышкан кесиби врач Зыфар Эгембердиевге турмушка чыгып, Азамат аттуу уулдуу болушту. Ал эми Иманалы Айдарбековдун өмүрлүк жары Кичкен Мусулманкулова кызы Рафанын согуштан аман келип, анан ийгиликтерди жаратып жатканын, небереси Азаматты көрүп, узакка созулган дартынан улам ат башындай арманы менен 1948-жылы акыретке кетти.

P.S. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2024-жылдын 25-июль күнү Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков жана Ишенаалы Арабаевге “Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар” деген жарлыкка кол койду.

Бир кезде жоктон барды жаратышкан журт аталарыбыздын элес-терин кеңири чагылдыруу, алардын ишмердүүлүгүнө жар салуу иштери мындан ары талбай уланып, укумдан-тукумга өтүп, бизден кийинки аманат калчу эгемен Кыргызстаныбыздын туусу көктө бийик желбирей бермекчи.

Белгилей кетсек, бүгүн Иманалы Айдарбековдун туулуп-өскөн Аламүдүн районунун Кайырма айылына анын ысмы ыйгарылып, стелласы орнотулду.

Данияр ИСАНОВ

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар