Башкы беткеСаясат жана коомКоомЖайлоонун ар бир күнү дөөлөт...

Жайлоонун ар бир күнү дөөлөт…

Кыргыз жайлоолору мага кыялдан бүткөндөй таасир калтырат. Мектеп босогосун аттагандан тартып эле, көпчүлүгүбүз сүрөт сабагынан, көркөмү көз алдыбыздан кетпеген кыргыз жайлоолорун тартчубуз… Чокусунан булут кетпеген аска-зоолор, көк майсаң чөпкө оронуп жаткан, кызыл-тазыл гүлдөр өскөн, түркүн түстүү көпөлөктөр учуп жүргөн тоолор, аркырап агып жаткан суулар, суу жээктей тигилген боз үйлөр, андагы мештен көтөрүлүп чыгып жаткан булут түстүү түтүн… Сүрөттөрүбүз негизинен ушундай мазмунда тартылчу.

Кыргыз жайлоолору аныгында ушундай. Ал эми жайлоо турмушун жандандырган төрт түлүк малыбыз, анын түмөн түйшүгүн тартып, элибизге эт-сүт, кымыз, каймак, курут, сары май өңдүрүп жаткан эмгек адамдарыбыз болуп саналат. Кыргыз жайлоолору элибиздин көөнөрбөгөн ырыскысы десем жаңылыштык болбос. Анткени, төрт түлүк малыбызды эрте жаздан күзгө чейин табияттын дүйүм чөбү менен бекер багып берип жатпайбы. Ага жараша биздин малдын эти-сүтүнө сапаты боюнча теңдеш табуу кыйын. Бирок, жайлоонун да өз кыйынчылыктары бар. Бирде жамгыры көз ачырбаса, бирде ак жайдын күнү кар жаап салган учурлар бар. Ушунун баары мал менен оокат кылган эмгек адамдарына түмөн түйшүк, күндөлүк тиричиликтерине кыйынчылык алып келет. Ага да чыдаган киши чыдайт.

“Кыргыз Туусу” гезити “Эмгек каарманы” рубрикабыздын алдында, ар түрдүү кесипте иштеген, карапайым эмгек адамдары тууралуу жазып келебиз. Бул жолку эмгек каарманыбыз Кочкор районунун “Кызыл-Дөбө” айылынын тургуну — Мурсабек Молдокулов. Сөзүбүздү кыргыз жайлоосу тууралуу баштаганыбыздын төркүнү ушул Мурсабек байкенин ата кесибине байланыштуу. Ал  үй-бүлөсү менен Жалпак Таш жайлоосуна 10 жылдан бери чыгып келет.

“1997-жылдары ата-энебиз менен 5 жылдай чыгып жүрдүк. Анда жайлоонун жашоосу такыр бөлөкчө сезилчү. Кыз-келин, бала-бакыра баарыбыз чогуу тоодо жүрчүбүз. Андан кийин ар кимибиз өз арабабызды тартып кеттик. Биз балдарыбыз чоңойгуча деп айылда калдык. Ортодо байкемдер чыгып жүрдү. Эми он жылдан бери өзүбүз чыгып жатабыз” – дейт Мурсабек байке.

Жайлоо турмушуна күбө болоюн деп Мурсабек байкеникинде бир аз күн жүрүп калдым. Чай үстүндө Мурсабек байке жайлоонун чоо-жайын айтып берди. Ысык сүт чай, жаңы тартылган каймак, жаңы эле мештен чыгарылган ысык каттама – баары ушул сөздөргө жылуулук кошуп турду.

– Жалпак Таштын үстү оң төр, сол төр болуп бөлүнөт. Нар жагы Жумгал тарапка туташ. Тескейде Сандык, Чоң Дөбө, Таш Дөбө, Кызарт, Лама деген жерлер бар, баары ошол жакка кирет. Азыр биздин аймакта он чакты кошуна жашайт. Жалпак Таш суусунун аркы-берки өйүзүндө жети кошуна өзүнчө шерине жейбиз, — дейт Мурсабек
байке.

Зайыбы Назгүл жеңе эки саат сайын бээ саап, сабаа ыштап, эки маал уй саап,
дагы тамак-аш даярдоого жетишет. Бир тыным алганын көрбөдүм. Сааганы он үч бээ. Он бир, он эки уй. Анан калса айылдагы тоокторун да алып чыгып алышкан. Алардын жумурткаларын таппай өздөрүнчө убара.

Назгүл жеңеме барганда эле жанын койбой, бирдемени кыйратчудай мага бээ-уй сааганды үйрөтүңүз деп баштагам. “Үлбүрөгөн, сынып кетчүдөй болгон кызсың, анын үстүнө бээлердин кыял-жоругу, мүнөзү башкача болот. Чоочун киши желеге жакындаса эле үркөт”, – деген. Чын эле бери жакта чака кайтарып турганга эле жарадым. Койкоюп сүрөттөргө түштүм… Болду.

Жок дегенде уй саайын деп эң жоош уюнун бутун тушатып, жеңем калган бардык уйду саап бүткүчө, меники да чаканын жарымынан жогору толду. Бир аз сүйүнүп калдым. Анан ат миндим. Жок дегенде ат мингенге жарайт экенмин деп ошого эле кубанып
калдым.

Жайдын күнү жаш баладай дейт эмеспи. Эми эле ачык турган күн бир заматта жамгырга айланып, көз ачырбаган нөшөргө айланат. Жаанда да Мурсабек байке, Назгүл жеңенин түйшүгү түгөнбөйт. Жаан эчтеке эмес, Мурсабек байкенин айтымында жакында эле кар жаап өтүптүр. Ошондогу малчылардын абалын көз алдыма элестетип турдум.

Дагы эмне көрдүм… Музоолор ары-бери кубалашып жүрүшсө, ойноп атышат го деп, кооз кадр табылганына сүйүнүп видеого тартып жаткам. Көрсө, “сайгактап” деген ушул турбайбы. Ал сөздү колдонуп эле жүрсөм да, “сайгак” чымыны музоонун так туягынын үстүнөн чагаарын билбептирмин. Анан ордуна тура албай, безип жөнөшөт экен. Мурсабек байке, башка кошуна эркектер болуп “дус” чачабыз деп кетишти. Жайлоодо ушинтип эле жаңы жумуш жарала берет. Жайлоо керемет дегенибиз менен, андагы ар бир күн мээнет менен өтөт экен.

Каймак демекчи, чоң казан сүттөн бир кичинекей табак каймак чыгат. Ар кандай аба-ырайында бээ, уй саашат. Кола деле азыр литри 85 сомдон жогору. Кантип ушунча түйшүк менен өндүрүлгөн кымыз, каймакты кымбат дейбиз, билбейм. Ортомчулар да кошот да. А жайлоонун түйшүгү мендей жалкоо кызга ошол тоолордой эле бийик көрүндү.

Ал эми жайлоодогу бир-бирине окшош күндөрдөн кантип тажашпайт десем, алар үй-бүлөсү менен күндү өзгөчө көңүлдүү өткөрүшөт. Ыр ырдашып, тамашалары, куйкум сөздөрү да бөлөкчө. Мурсабек байке менен Назгүл жеңенин сүйлөшкөнүн угуп отурсаң бооруң эзилет. Кудум эски кыргыз кинолорундагы көрүнүштөрдү эске салып турат. Айтор, жайлоо түйшүгүнө – жан дүйнөсү да жайлоодой көркөм, сулуу, түмөн түйшүктөн, мээнеттен качпаган, нукура эмгек каармандары чыдайт десем туура болор.

Деген менен Мурсабек байке эмгегинин үзүрүнө ыраазы. Тоодон түшкөндөн кийин кымыз, сары май, каймактан түшкөн акчасы менен эл катары жашап, чоң там салып алышкан. Бир сөз менен Мурсабек байкени жайы-кышы кыргыздын ата кесиби малчылык менен оокат кылган, анын ысыгына күйүп, суугуна тоңуп, ак эмгегинин акыбетин көрүп жаткан, чыныгы эмгек каарманы дейт элем.

Уулжан БЕЙШЕНБЕК кызы,
“Кыргыз Туусу”

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар