whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
19.03.2025
6.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомБишкек – Нячанг – Бишкек түз аба каттамы ачылды

Бишкек – Нячанг – Бишкек түз аба каттамы ачылды

27-февралдан тартып Бишкектен Вьетнамдын Нячанг шаарына түз аба каттамы ачылды. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААКтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы аталган каттамды жумасына 3 жолу аткарылат.

Маалыматта бул каттам Кыргызстандын тарыхындагы маанилүү окуя болуп саналары, анткени Нячанг өлкө борборунан биринчи түз эл аралык багыт болуп калганы айтылат.

Мындан сырткары, Бишкек – Нячанг каттамынын ачылышы эл аралык байланыштарды бекемдөөгө, туристтик жана ишкердик сапарлар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө, ошондой эле Кыргызстан менен Вьетнамдын ортосундагы туристтик агымды жана экономикалык кызматташууну өнүктүрүүгө чоң салым кошору белгиленген.

Белгилей кетсек, «Компас» туроператору менен кызматташкан «Аэро Номад Эйрлайнс» буга чейин Кыргызстан үчүн Бишкек – Пхукет» (Таиланд) жана «Бишкек – Фукуок» (Вьетнам) багыты боюнча авиакаттамдарды ачкан.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар