Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 7-апрелде дене тарбия жана массалык спортту өнүктүрүүгө арналган жыйын өткөрдү.
Жыйында калкты спортко тартуу, саламаттыкты жакшыртуу жана дене тарбия системасын реформалоо маселелери талкууланды. Эми спорт менен машыккан адамдардын саны гана эмес, калктын жалпы ден соолук көрсөткүчтөрү да эске алынмакчы.
Ошондой эле сергек жашоо образын жайылтуу үчүн ыктыярчылар топторун түзүү сунушталды.
Президент аткаминерлерди спорт менен активдүү алектенүүгө чакырып, алар өз кызматкерлерине үлгү болушу керектигин белгиледи. Жаңы эрежелерге ылайык, министрлер, мекеме жетекчилери жана аймак башчылары жумасына бир жолу «спорт күнүн» өткөрүүгө милдеттендирилет. Мындан тышкары, жыл сайын мамлекеттик органдар арасында республикалык деңгээлде спорттук мелдештер уюштурулат.
Буга чейин мамлекеттик кызматкерлерди жыл сайын медициналык текшерүүдөн өткөрүү, ошондой эле мамлекеттик мекемелердеги ашканаларда майлуу жана таттуу тамактарды азайтуу боюнча чаралар да киргизилген. Адистердин айтымында, бул кадамдар калктын ден соолугун жакшыртууга жана сергек жашоо образын кеңири жайылтууга багытталган.


