Кыргызстанда кытай унааларын жеткирүү жана сервистик тармакты өнүктүрүү талкууланды

Президентке караштуу Улуттук инвестициялар агенттигинин директору Равшанбек Сабиров 8-апрелде A-CAR (ОсОО «Чуань И») компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда Кыргызстанда жаңы кытай унааларын жеткирүү, ошондой эле сервистик инфраструктураны өнүктүрүү маселелери каралды. Тараптар автоунаа тармагындагы кызматташуунун келечегин, анын ичинде дилердик тармак түзүү жана Борбор Азия өлкөлөрүндө компаниянын расмий өкүлчүлүгүн ачуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Компания өкүлдөрүнүн маалыматына ылайык, A-CAR алдыңкы кытай жана эл аралык бренддердин унааларын жеткирет. Ошондой эле инвестор Кыргызстанда «ачкычка даяр» кызмат көрсөтүүнү — техникалык тейлөө, каржылык коштоо, каттоо жана камсыздандырууну камтыган толук кызматтарды сунуштоону пландашууда.

Равшанбек Сабиров мындай долбоорлор инвестиция тартууга, автоунаа рыногун өнүктүрүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюшту. Документ кызматташууну бекемдөөгө жана инвестициялык пландарды ишке ашыруунун этаптарын иштеп чыгууга багытталган.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз