whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
19.03.2025
6.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүКоңгуроо ким деп кагат?

Коңгуроо ким деп кагат?

ХХI кылымда адамзат канчалык өзгөргөнүн айтуу кыйын, бирок адамзат дүйнөнү, өзү жашаган айлана-чөйрөнү абдан тез өзгөртүп жатканы анык. Кечээ жомок, кыял, фантастика эсептелген нерселер бүгүн реалдуулукка айланууда.

 Адамзат акылдуу болуп кеткени жок, тескерисинче, акыл короткусу келбей, интеллектуалдык убаракерчиликти өзү жараткан буюмга жүктөп, ашыкча түйшүк тарткысы келбей, тиричилигин жеңилдетүүгө, карым-катнашын тездетүүгө тынымсыз умтулууда. Технология аябай өнүгүүдө. Бирок ар бир прогресс оң натыйжасы менен кошо терс натыйжасын да берет экен. Ар тилде ар кандай аталган жараткан кудурет күчкө сыйынган адам баласы бара-бара өзү жаратканга теңелгиси келген
сыяктуу эле, адамзаттын колунан чыккан технологиялык жетишкендиктер адамзаттын жашоо-тирилигин аныктай баштады. Аныктамак турсун өзүнө коркунуч келтире баштады. Жасалма интеллект өз жашоосун улантып, туташ жайылып, ар бир ишти ошолор аркылуу аткара баштаган кезде, адамзаттын көзөмөлүнөн чыкса не болдук, эркиндик деп кыйкырган менен эркиндиктен качкан, кимдир бирөөгө баш ийгенге көнгөн калың массаны башкарам десе канттик?

Киши баласы баары бир жаратылыштын пендеси бойдон калган соң, жашоосу табият койнунда өтмөгү, табият берген азыкка жана табияттан алган заттарды чабыштырып жасап алган нерселерге муктаж бойдон калмагы анык. Өзү түзүп алган жасалма чөйрө,  жасалма оокаттар да ошол табигый нерселерсиз жараксыз. Улам барган сайын адамзаттын жерге, сууга, абага, жер астындагы жана үстүндөгү заттарга, жандыктарга муктаждыгы артат. Жер бетиндеги кишинин саны ар жылы 90 миллионго өсүүдө. Бул буга чейинкиси. Азыр калктын жалпы саны 8 миллиарддан ашты. Ушунча адамды камсыз кылууга чамабыз жетпей туру.

Талаш күчөйт

Адамзат башынан 14 миңден ашык ири согушту кечирген, анын ичинен ХХ кылымда эле 2 дүйнөлүк согушту, жаңы доордо согуш аталбаса да куралдуу жаңжалдарды башынан кечирүүдө. Айтканга ооз барбайт, антсе да айрым окумуштуулар санап келип, адамзаттын тарыхы – согуштардын тарыхы деген тыянакка келишкен. Маселен, швейцариялык окумуштуу Жан-Жак Бабелдин эсебине ылайык, адамзат биздин заманга чейинки 3500-жылдан 2000-жылга чейин жалпы суммардык мааниде болгону 292 жыл гана тынчтыкта жашаган экен. Ушунча согуш жер, суу, байлык жана бийлик талаштын айынан. Бул бир. Экинчиден, ар кандай согуш табиятты талкалайт. Тынч жатканда жайына койбогон киши баласы согушта жаратылышты кас-тарлап отурбайт. Үчүнчүдөн, дүйнө калкынын 10%ы үчүн эң жөнөкөй муктаждыктар калган бөлүгү үчүн кол жеткис нерселерге айланды. Ушунча адам тамак-ашка муктаж, суу ичиш керек. Анан кийим кечек, кыймыл-аракет, байланыш, айтор күнүмдүк жашоого зарыл нерселерге талабын канааттандыруу абзел. Бир миллиарддан ашык адам сууга жетпей зар. Миллиондогон адамдар жылыга ачарчылыктан каза табат. Демек ресурс-тарга глобалдык таңкыстык күчөгөндөн күчөйт. Рим клубу тээ 70-жылдары экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки экономиканын динамикасына көңүл бөлүп, ойчулдардын талкуусун уюштурган. Америкалык окумуштуу Дж. Форрестер Рим клубунда жасаган докладында ресурс-тарды ашыкча колдонууга негизделген стратегия демографиялык өсүштүн натыйжасында дүйнөдө ресурстардын тартыштыгын жаратат, айлана-чөйрөнүн булганышына алып келет деген экологиялык-экономикалык прогнозун маалымдаган эле. Андан бери проблема ого бетер оорлоду. Энергетикалык жана башка ресурстар мындан ары азайганы азайган. Албетте, адамзат нефть, газдан башка энергия булактарын издейт, ойлоп табат, бирок алар чамасы аз, жакыр катмарларга, кедей өлкөлөрдүн калкына буюрабы же жокпу, али белгисиз. Алып көнгөн, жулуп көнгөн кубаттуу мамлекеттерден артабы ырыскы? Оокаттан кур калган көпчүлүк тим карап отурабы? Чыдамы канчага жетет? Мына ушулардын баары дүйнө үчүн чакырыктар. Глобалдык мүнөзгө ээ. Андан тышкары ар бир мамлекет туш болгон коркунучтар бар. Ошол өлкө, аймак үчүн кооптуу нерсе азыркы дүйнөдө ошол аймак менен чектелбейт. Таасири калгандарына да тиет.

Ала кушту атынан атаган оң

Демек, жалпы дүйнө баарын баамдап, акыл калчап, бирге аракеттенүүсү зарыл. Бирге аракеттенүү да оор проблема, эски көйгөй, жаңы чакырык. Ар бир улут, мамлекет азыр алдында турбаса да, эртең эле калдайып бет маңдай чыга турган чакырыктарды түшүнүүгө тийиш.

Дүйнөдө жүрүп жаткан процесстер менен өзгөрүүлөр татаал жана масштабдуу. Окумуштуулар менен адистер азыркы учурда адамзат цивилизациясынын мындан аркы жашоосуна коркунуч келтирген глобалдык проблемалардын бүтүндөй комплекси менен кездешкенин бир ооздон белгилешет. Ал тургай айрым проблемалардын адамзаттын өнүгүү тарыхында аналогу жок экенин изилдөөлөр тастыктап турат. Ошол эле учурда, адам баласынын азыр туш болгон проблемалар анын буга чейинки ишмердүүлүгүнүн натыйжасы, коркунучтар бүгүн пайда болгон менен анын пайдубалы мындан кыйла мурда түптөлгөнүн эстен чыгарбоо абзел.

Андан тышкары, азыр жүрүп жаткан процесстерди баалоо, алардын эртеңки натыйжасын болжоо, локалдык жана жалпы таасирин аныктоо, пайда-зыянын эсептөө орток принциптерди, объективдүү критерийлерди талап кылат. Мына ушунун өзү маселе жаратат. Албетте, ар бир процесске, тенденция-га, реалдуулукка жана чакырыкка карата дүйнөдө жалпы глобалдык регионалдык жана улуттук (бир мамлекеттин масштабында маанисинде) мамиле бар. Биз буга чейинки тажрыйбага кайрылалы. Бириккен Улуттар Уюму глобалдык деп эсептеген айрым коркунучтардын мисалында маселени чечмелеп көрөлү. Бириккен Улуттар Уюмун негиздегенде эки дүйнөлүк согуштун азабын көргөн улуттар болочоктогу муундарды согуш азабынан азат кылуу максатын көздөгөн (https://www.un.org/ru/global-issues). Эң сонун. Африканын, Жакынкы Чыгыштын айрым аймактарында жана өлкөлөрүндө куралдуу жаңжалдар басылбай келет. Миңдеген адамдар курман болуп, он миңдеген адам качкын-бозгун. Ар кандай дефиниция ошол нерсеге карата мамилени аныктайт. Рене Декарт айткандай, кептин баары кандай атаганыбызда.

Ошол трагедиялуу процесстердин көбү “согуш” аталбайт, “конфликт”, “локалдык жаңжал”, этникалык же диний “кагылыш”, “куралдуу кармаш зоналары”  же башкача аталат.

Адамзаттын канынан жаралган эрежелер сакталбай калды

Аталган аймактардагы согуштардын кесепети ошол аймак менен чектелбейт экен. Башка өлкөлөргө түрдүү деңгээлдеги жана масштабдагы залакасы тийүүдө. Украинанын аймагында согуш басыла элек. Тынчтыкты орнотом деген АКШ айласы куруган украин калкынын кен байлыгын буга чейинки бердим деген жардамына баалап, алам деп опурулуп туру.

Ал эми конфликт болгон аймактардан агылган качкындарга карата мамиле да түрдүү. Европа качкындарды жолотпойм деп чыкты, антимигранттык маанайдагы саясий күчтөр (оңчулдар деп аталат) улам бир өлкөдө бийликке келе баштады. Социалдык-экономикалык оорчулуктан саясий түйшүккө, коопсуздук проблемасына айланууда. Бирок дүйнө Африкадагы же Жакынкы Чыгыштагы согушту жалпы коркунуч, анын кесепеттерин глобалдык чакырык катары эсептей элек. Орусия Украинага тиешелүү аймактарды каратып алышын мыйзамдуу, элдин өз тагдырын өзү чечүү укугу деп эсептейт. Батыш аннексия дейт. Мыйзам ким тарапта? Же күч кай тарапта болсо, мыйзам ошол тараптабы. НАТОнун аскерлери 1999-жылы Сербияны бомбалаган, 2003-жылы Иракты, 2011-жылы Ливияны БУУ Коопсуздук кеңешинин чечими жок же аны одоно бузуу менен талкалаган, аскерин киргизген, элин азапка салган деп Орусия тизмектеп санап берет. Туура. Ушул мамлекеттерди бомбалоого БУУ Коопсуздук кеңешинин чечими жок. Укук бузулдубу? Албетте, бузулду. Бузулду деп эсептелеби? Иш жүзүндө эсептелбейт. Эсептелсе, анда мыйзамдын башка диспозицияларына ылайык жазасын алышы керек эле да. Демек маселе тигил же бул аракетти ким кандай атаганында жана негиздегенинде жатат. Ошентип, адамзатка кесепети эбегейсиз согуш “согуш” аталбай, ал тургай юридикалык аныктамага ээ болбой, согуштун акторлору тарабынан жана эл аралык аренада түркүн аталышы согушту коркунуч катары бирдей баалоонун жоктугун тастыктап турат. Эгерде согуш деп таанылбаса, анда согуш кылмышкерлерин жазалоо боюнча эл аралык мыйзамдар жана аларды ишке ашыруучу  бүтүндөй институттар кантет? Эл аралык мыйзамдын ченемдерин колдонууга болбогон кырдаал түзүлдү, ошондуктан ушундай аракеттерге бардык деген негиздемелер басымдуу. Демек, эл аралык укук системасынын кризиси жаңы чакырыктардын бири.

Эл аралык укук системасына флешмоб мамиле жарабайт

Бириккен Улуттар Уюму болуп көрбөгөндөй кризиске учурады. АКШ керек болсо чыгам деп опузалай баштады.

Эл аралык укуктун, анын ичинде БУУнун бардык системалары суверендүү мамлекеттердин келишимдери менен түзүлгөн. Мамлекеттер гана ушул келишимдерди иштеп чыккан легитимдүү саясий субъекттер. Мамлекеттер аралык мамилелер мамлекеттерге жараша. Суверендүү мамлекеттердин биримдиги болгон соң ошол мамлекеттер аралык мамилелерди жөнгө салуучу орток жоболордун тутумун түзүп алуусу абзел.

Экинчиден, глобалдык жана регионалдык коркунучтарды баалоо, жаралган проблемаларды түшүнүү жана жарала турган көйгөйлөрдү аңдоо – эң башкы проблемалардын бири. Даражасы гана айырмаланганы болбосо, баарына мүнөздүү проблема, болгону айрымдары изилдөөлөрдү жүргүзөт, баалаганга аракет кылат, калгандары элес албайт же туйбайт, түшүнүүгө эрки жетпейт же чамасы аз, ал эми башкалары каалабайт же өз түшүнүгүн башкаларга таңуулайт.

Үчүнчүдөн, глобалдык чакырыктарды жана коркунучтарды баалоо аракети кээде утурумдук мүнөзгө ээ. Башкача айтканда, чакырыктарга флешмоб мамиле үстөмдүк кылат. Көйгөй жаралганда чурулдап барып, глобалдык же регионалдык масштабда декларативдүү жыйындар өтүп, анан проблема жоюлуп кеткенсип, унутта калат.

Төртүнчүдөн, мамлекеттердин жана аймактардын проблемаларга жана чакырыктарга мамилеси түрдүү, позициялары дайыма шайкеш келе бербейт.

Бешинчиден, тигил же бул проблемага жана чакырыкка арналган жыйын-
дарда, эл аралык конференцияларда же дүйнөлүк форумда чечимдерди кабыл алуу жана кабыл алынган чечимдерди жүзөгө ашыруунун өзү оор түйшүк.

Кыргыз Республикасы жалпы адамзат үчүн универсал коркунучтарга тигил же бул деңгээлде туш болууда. Ошол эле учурда Кыргызстанга көбүрөөк мүнөздүү эксклюзив чакырыктар бар. Мисалы улуттук, жарандык иденттүүлүк маселеси эң маанилүү чакырыктардын бири. Аларды билүүгө жана ар бирине жооп берүүгө тийишпиз. Биз байкабай койгондон же качкандан проблема жоюлбайт, болгону күчөйт, чакырык коркунучка, проблема дартка айланат. Андыктан ушул маселелер атайы изилдөөлөрдүн, талкуунун, терең анализдин предметине айлануусу абзел. Албетте, изилдөөлөр, талкуулар мамлекеттик стратегиялык багыттарды иштеп чыгууга жана аларды жүзөгө ашырууга өбөлгө түзүүгө тийиш.

Алмаз ОКИН

Редакциядан: Кыргыз Республикасынын президентинин тээ 2021-жылы жарлыгы менен бекитилген Кыргыз жаранын калыптандыруунун концепциясы бар. Ошол программалык документтеги милдеттерди жүзөгө ашыруунун, улуттук иденттүүлүктү бекемдөөнүн актуалдуу маселелери боюнча жалпы улуттук “Кыргыз Туусу” гезити Маданият, маалымат, туризм жана жаштар саясаты министрлиги менен бирдикте ушул жылы 14-мартта кереге кеңеш өткөрөт. Кереге кеңеш тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн, окумуштуулардын, адистердин катышуусу менен өткөрүлмөкчү.

Окурмандарга, дегеле кайдыгер эмес жарандарга аргументтүү ойлорун, конструктивдүү сунуштарын гезиттин электрондук почтасына жазууну сунуштайбыз.

 Биздин электрондук дарек: Tuusu@mail/ru

Мелис СОВЕТ уулу, Байланыш телефону:  62-20-31, моб. тел.: 0705-03-27-78.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар