Башкы беткеСаясат жана коомКоомБишкек – Балыкчы жүргүнчү поездинин каттамы узартылды

Бишкек – Балыкчы жүргүнчү поездинин каттамы узартылды

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы Бишкек – Балыкчы багытындагы №608/609 жүргүнчү поездинин каттамы 2025-жылдын 1–6-сентябрына чейин узартылганын билдирди.

Поезддин жүрүү графиги өзгөрүүсүз калат, бирок 5-сентябрда төмөнкүдөй өзгөрүүлөр бар:

  • Бишкек-2 станциясынан жөнөйт — 08:45

  • Балыкчы пляж станциясына келет — 13:16

  • Балыкчы пляждан жөнөйт — 19:26

  • Бишкек-2 станциясына келет — 23:56

Пассажирлерге сапарын пландаштырууда жана билеттерди сатып алууда бул өзгөрүүлөрдү эске алуу сунушталат.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар