Башкы беткеМаанилүүБишкекте саламаттыкты сактоо форуму өттү

Бишкекте саламаттыкты сактоо форуму өттү

Борбор калаада «Ден соолугу чың адам – гүлдөгөн өлкө» программасынын жыйынтыктарына арналган Саламаттыкты сактоо форуму болуп өттү.

Иш-чарада вице-премьер-министр Эдил Байсалов саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүү жана модернизациялоо өлкөнүн башкы багыты экенин белгиледи.

Анын айтымында, жакынкы беш жылда тармакка мамлекеттик каржылоону үч эсеге көбөйтүү пландалууда — 2025-жылы 44 млрд сомдон 2030-жылга чейин 130 млрд сомго чейин жетет.

«Аялдар менен балдардын ден соолугуна өзгөчө көңүл бурулат, өмүр узактыгын жогорулатуу — негизги приоритет», — деди Байсалов.

Форумдун жыйынтыгында оорулардын алдын алуу, санариптештирүү жана медицина кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча Резолюция кабыл алынды.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар