Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыSAS авиакомпаниясы миңдеген каттамдарды кыскартат

SAS авиакомпаниясы миңдеген каттамдарды кыскартат

Скандинавиялык SAS авиакомпаниясы авиациялык күйүүчү майдын баасы кескин өсүп кеткенине байланыштуу апрель айында миңден ашуун каттамды жокко чыгарарын билдирди.

Компаниянын башчысы Анко ван дер Верфф билдиргендей, акыркы он күндө күйүүчү майдын баасы эки эсеге жакын өскөн. Март айында жүздөгөн каттамдар токтотулса, Пасха майрамынан кийин дагы көбөйөт.

Баалардын өсүшүнө Жакынкы Чыгыштагы чыңалуу, айрыкча Иран айланасындагы кырдаал себеп болууда. Натыйжада Brent мунайы 100 долларга чейин кымбаттап, Ормуз кысыгы аркылуу жеткирүү дээрлик токтогон.

Ушундай шартта башка авиакомпаниялар да билет бааларын көтөрүп, айрым каттамдарды кыскартууда. Эксперттер авиабилеттер жакынкы айларда да кымбат бойдон каларын айтуушууда.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар