whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
12.11.2025
13.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүКыргызстан менен Дүйнөлүк банк "Камбар-Ата-1 ГЭСи" долбоорун ишке ашыруу маселесин талкуулады

Кыргызстан менен Дүйнөлүк банк «Камбар-Ата-1 ГЭСи» долбоорун ишке ашыруу маселесин талкуулады

Энергетика министри Таалайбек Ибраев жана финансы министри Алмаз Бакетаев Европа жана Борбор Азия боюнча вице-президент Антонелла Бассани жетектеген Дүйнөлүк банктын жетекчилиги менен жолугушту.

Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, жолугушуу 14-октябрда Дүйнөлүк банктын жылдык жыйындарынын алкагында өткөн. Анда эки тараптуу кызматташуу маселелеринин кеңири чөйрөсү талкууланып, өзгөчө көңүл “Камбар-Ата-1 ГЭСи” долбоорун ишке ашырууга бурулган.

Таалайбек Ибраев Дүйнөлүк банктын өкүлдөрүнө долбоордун учурдагы абалы тууралуу маалымат берип, курулуш иштери белгиленген мөөнөттөн мурда жүрүп жатканын белгиледи. Ал ошондой эле аймактык кызматташтык жакшы жолго коюлганын жана долбоор аймагында жергиликтүү тургундар менен жолугушуулар өткөрүлгөнүн кошумчалады.

Министрдин айтымында, 2025-жылдын ноябрь айында Стамбул шаарында Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын өкүлдөрү катышкан айлана-чөйрөгө жана социалдык таасирге баа берүү боюнча талкуу өткөрүү пландалууда.

Мындан тышкары, Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча донордук комитеттин мүчөлөрү менен Брюссель шаарында жолугушуу өткөн. Ибраевдин маалыматына ылайык, долбоорду каржылоо боюнча Европа инвестициялык банкы менен 500 миллион доллар, ал эми Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен дагы 500 миллион долларга чейин каражат бөлүү тууралуу макулдашуу жетишилген.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар