Илим-билимге умтулган жалындуу жаштык

0
4000

Билим – эң күчтүү курал

Бул күнү “Ынтымак Ордонун” чоң залы өлкөнү өнүктүрүүгө өз салымымды кошом деген жаштарга толду. Алар ар биринин көзү жайнап, алдына бийик максаттарды коюп, чоң ийгилик жаратууну каалаган студенттер. Алардын бири Токтосунова Малика Президенттик стипендиясын алуу үчүн атайын Ош шаарынан келген. Ал так илимдер, физика, математика жана нанотехнологиялар боюнча илим алып жаткан студент.

“Илимге болгон кызыгуум – бул менин өлкөмдүн келечегине болгон ишенимим. Дал ушул максаттарым Ош мамлекеттик университетине жетелеп келип, бүгүн «Президенттик стипендиат»  болууга шыктандырды. Мен жашоомдогу жолумду тандаганда, жөн гана кесип эмес, жоопкерчиликти да тандадым”, – деп белгилейт жаш студент Малика.

Малика 13 илимий макаласын Эл аралык журналдарга жарыялаган. Көптөгөн илимий-практикалык конференцияларда өз баяндамасы менен чыгып, «Мыкты баяндамачы», I-III даражадагы дипломдордун ээси болгон. Ал “Кыргызстандын мыкты студенти – 2024” жана “КМШнын мыкты студенти – 2024” наамдарын алууга жетишкен. Бул сыйлыктар — ал үчүн мактаныч эмес, мындан да көп иш кылууга түрткү берген күч экенин, жаш илимпоз айым өз сөзүндө белгиледи.

Малика мындан тышкары, жаш балдар үчүн «Эки жомок» китебине редактор болуп, китептерин Алай районундагы бала бакчаларга акысыз таркаткан.

«Алай эскерүү китеби – Улуу Ата Мекендик согуштун жана Афган согушунун катышуучулары» китебинин редактору болгон жана 400 даана китепти Алай элине таркаткан. Учурда китептин экинчи бөлүгү даярдалып жатат.

Билим – адамды гана эмес, бүтүндөй коомду өзгөртө алат деп ишенген Малика активдүү студенттерден турган командасы менен элибизге китеп окуу маданиятын жайылтуу максатында, өспүрүмдөрдү китеп окууга чакырып, «Билимдүүгө дүйнө жарык» аталышындагы китеп конкурстарын уюштуруп келет. ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинин стипендиаты.

“Мен үчүн бул сыймык гана эмес, чоң жоопкерчилик. Аны алуу менен мен өзүмө жана мендей көптөгөн жаштарга бир нерсени далилдегим келет: билим, аракет жана максат – эң күчтүү курал.

Мээнет менен келечекке талпынган,

Мен студент окуу жүгүн артынган.

Башкы максат элге кошуп салымым,

Бийиктикти билим менен багынтам”, – дейт биздин студент каарман.

Саитхандын тилеги

Ал эми кенже сержант Саитхан Турсунбеков, генерал-лейтенат Калыйнур Үсөнбеков атындагы аскер институтунун төртүнчү курсунун студенти. Саитхан дагы мыкты билим алып, коомдук-маданий иштерге активдүү катышып, аскердик коюлган талаптарды өз деңгээлинде аткара алганы үчүн Президенттин стипендиясына татыктуу болуп
отурат.

Аскер адамы болууну бала кезден кыялданган Саитхан, аскердик талаптар менен коюлган күн тартибинде өзүнүн мыктылыгын көрсөтүү менен бирге, дайыма спорт менен алектенип, машыгуу иштеринен калбай келет.

Президенттик стипендия — жаштардын билимге, илимге жана коомдук ишмердүүлүккө болгон шыгын колдоо жана жаңы дем берүү максатын көздөйт. Андыктан илим-билимге умтулган жаштардын саны арта берсин деген изги тилекти айткыбыз келет.

Гүлмайрам РАХМАНБЕРДИЕВА,
“Кыргыз Туусу”

 

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз