whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
15.11.2025
13.1 C
Бишкек
Башкы беткеАктуалдуу маекКыргыз Республикасынын Баатыры Медеткан ШЕРИМКУЛОВ: "Президенттин "Тандамал сөздөрүнүн жарыяланышы - дүйнөлүк тажрыйба"

Кыргыз Республикасынын Баатыры Медеткан ШЕРИМКУЛОВ: «Президенттин «Тандамал сөздөрүнүн жарыяланышы — дүйнөлүк тажрыйба»

Жаңы ойлордун башаты

Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери, саясатчы Медеткан Шеримкулов жалпы улуттук “Кыргыз Туусу” гезитинин редакциясына баш багып, Президент Садыр Жапаровдун “Улут деми. Уңгу жол (Тандалган сөздөр)” аттуу китебинин чыгышы менен куттуктап, ак батасын берди. Акылман аксакал Президенттин “Улут деми. Уңгу жол (Тандалган сөздөр)” китеби тууралуу өз пикирин билдирди. Анын айтымында, мамлекет башчысынын бул эмгеги – кыргыз элинин бүгүнкү жана эртеңки багытын аныктоого багытталган маанилүү чыгарма.

– Ар бир өлкөнүн лидеринин өз доо-рундагы ой-пикирлерин, эл алдында сүйлөгөн сөздөрүн, улуттук өнүгүү багытындагы позициясын бир жыйнакка топтоп, китеп катары басып чыгаруу дүйнөлүк практика. Бул президентке кошомат кылуу эмес, бул – мамлекеттин идеологиялык багытын элге жеткирүүнүн маданий, универсалдуу жолу. Китеп – бул маалымат булагы, тарыхый документ. Мындай практика кеңири жайылган, – деди белгилүү саясатчы.

Президенттин сөзү – улуттун үнү

Медеткан Шеримкулов белгилегендей, ар бир мамлекет башчысы өз атынан эмес, элдин атынан сүйлөйт. Ошондуктан анын ар бир сөзү, ар бир билдирүүсү тарыхта калуусу зарыл.

– Президент Садыр Жапаров эл аралык деңгээлдеги жыйындарда, саммиттерде, бийик трибуналарда дүйнөлүк олуттуу жана улуттук маселелер боюнча сүйлөгөн ойлору аркылуу Кыргызстандын мамлекеттик позициясын билдирет. Ошол ой-пикирлер ар кайсы жерде чачылып калбашы үчүн, аларды бир жыйнакка топтоо – эң туура кадам. Бул чыгарманы окуган ар бир адам биздин мамлекеттин бүгүнкү сая-
сий, экономикалык жана руханий багыты тууралуу кеңири маалымат алат, – деди
Шеримкулов.

“Улут деми. Уңгу жол” – жаңы улуттук концепциянын башаты

Белгилүү саясатчынын баамында, “Улут деми. Уңгу жол” – жөн гана китеп эмес, ал жаңы улуттук концепциянын негизи катары бааланууга тийиш.

– “Улут деми” деген түшүнүк – бул мамлекеттин жан дүйнөсү, элибиздин руху, жаратылышы, тоолору, суулары, көп улуттуу элибиздин биримдиги. Ал эми “Уңгу жол” – келечекке карай туура багыт. Кыргызстан эгемендүүлүккө жеткенине 35 жыл болуп калды. Бул мезгил аралыгында кубандырган да, өкүнткөн да учурлар болду. Эми ал каталарды кайталабай, жаңы багыт менен алдыга жыла турган мезгил келди. Ушул жагынан алганда, бул китеп ошол жаңы жолдун руханий башаты десек болот, – деп белгиледи саясатчы.

Өткөндөн сабак, келечекке көз чаптыруу

Медеткан Шеримкулов белгилегендей, акыркы отуз жылда Кыргызстанда туура эмес чечимдер да, туура эмес багыттар да болгон. Бирок азыркы учурда мамлекет жаңы этапка чыкты.

– Биз бир кезде күчтүү мамлекет болчубуз, тилекке каршы, кийин бир топ кыйналып калдык. Экономика начарлады, жакырчылык өстү. Бул – тарыхыбыздагы оор сабак. Эми ошол ката жолдорду кайталабай, жаңы дем менен улуттук биримдикке жана өнүгүүгө умтулуу керек. Президенттин бул китеби дал ошол ойду – жаңы Кыргызстанды куруу идеясын чагылдырган символикалык эмгек болуптур, –
деди ал.

Китеп – элге жетчү жандуу идея

Саясатчы бул китепти жөн гана мамлекеттик басылма катары эмес, идеялык-патриоттук таалим берүүчү булак катары пайдалануу зарылдыгын белгиледи.

– Китепти китепканалардын текчесине коюп гана тим калбашыбыз керек. Ал мектептерге, жогорку окуу жайларына, аймактарга, жаштарга, баарына жетиши абзел. Ар бир жаран бул чыгармадан мамлекеттин өнүгүү багыты, элдин келечеги, улуттук дем тууралуу маалымат алып, ой жүгүртүп чыгышы зарыл. Анткени бул китеп элди жаңы максаттарга үндөйт. Китеп – окуу каражаты, багыттама, мамлекеттик кызматкерлер үчүн нускама, – деди Медеткан Шеримкулов.

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүү философиясын камтыган баалуу мурас

Мамлекеттик ишмер Медеткан Шеримкулов белгилегендей, Садыр Жапаровдун “Улут деми. Уңгу жол (Тандалган сөздөр)” чыгармасы — бул Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүү философиясын камтыган баалуу мурас.

– Бул китеп аркылуу Президент өзүнүн гана эмес, жалпы улуттун үнүн угузду, мамлекеттин расмий позициясын айтты. Элибиздин жаңы багыты, жаңы деми ушул эмгектен көрүнүп турат. Бул чыгарманы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн идеологиялык жөрөлгөсү катары кабыл алам, – деп
жыйынтыктады Кыргыз Республикасынын Баатыры Медеткан Шеримкулов.

Гүлмайрам РАХМАНБЕРДИЕВА,
«Кыргыз Туусу»

 

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар