Кыргызстандын гуманитардык жардам кербени Түркмөнстан менен Ирандын чектешкен аймагына жакын жайгашкан Серахс шаарына жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, гуманитардык жүктөрдү кабыл алуу иштери 7-апрелде, бажы процедуралары толук аяктагандан кийин жүргүзүлөт.
Эске салсак, жалпы көлөмү 129 тонна болгон гуманитардык жардамды ташыган ӨКМдин 7 унаасы 3-апрелде Кыргызстандан Иранга жөнөп кеткен.


