Мунай баасы төмөндөдү: Brent 96 долларга чейин түштү

Дүйнөлүк мунай базарында баалар төмөндөөдө. Бул тууралуу чет элдик маалыматтар агенттиктер билдирди.

Маалыматка ылайык, мунайдын арзандашы Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды жөнгө салуу маселеси каралып жатканы менен байланыштуу.

Лондондогу ICE Futures биржасында Brent мунайы 3,33 долларга (3,35%) төмөндөп, баррелине 96,03 долларды түздү.

Ал эми АКШдагы NYMEX биржасында WTI мунайы 5,53 долларга (5,58%) арзандап, баррелине 93,55 долларга жетти.

Адистердин баамында, геосаясий чыңалуунун басаңдашы мунай рыногундагы бааларга түздөн-түз таасирин тийгизип, инвесторлордун күтүүлөрүн өзгөртүүдө.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз