Касымалиев: ЕАЭБ кыйынчылыктарга карабай туруктуу өнүгүүдө

Адылбек Касымалиев Казакстандын Шымкент шаарында өтүп жаткан Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында Евразия экономикалык биримдиги туруктуу өнүгүү жолунда экенин билдирди.

Анын айтымында, акыркы беш жыл ичинде пандемия, биримдикке мүчө айрым өлкөлөргө карата санкциялык басым жана дүйнөлүк сооданын өзгөрүшү сыяктуу олуттуу кыйынчылыктар болду. Ошого карабастан, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикасы 2020-жылдан бери 17 пайызга өсүп, өз ара сооданын көлөмү эки эсеге көбөйгөн.

Мындан тышкары, биримдик алкагында улуттук валюталар менен эсептешүүлөрдүн үлүшү 94 пайызга жеткени белгиленди.

Белгилей кетсек, Адылбек Касымалиев Казакстанга жумуш сапары менен барган. Сапардын алкагында ал Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына, ошондой эле «Digital Qazaqstan – 2026» форумуна катышууда.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз