whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.06.2025
20.4 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомБУУнун өкүлдөрү Кыргызстандын глобалдык маселелерге демилгелүү позициясын жогору баалашты

БУУнун өкүлдөрү Кыргызстандын глобалдык маселелерге демилгелүү позициясын жогору баалашты

Президент Садыр Жапаров 28-майда Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө болгон Ангола, Белиз, Конго, Гана, Кения, Мальта, Маврикий, Мозамбик, Науру, Папуа — Жаңы Гвинея, Сент — Люсия, Руанда жана Сенегал сыяктуу бир катар өлкөлөрдүн туруктуу өкүлдөрүн кабыл алды.

Мамлекет башчысы БУУнун эл аралык кызматташтыкты бекемдөөдөгү ролун белгилеп, климаттын өзгөрүшүн глобалдык коопсуздукка түздөн-түз коркунуч катары мүнөздөдү. Ал мүчө мамлекеттер менен өнөктөштүктү кеңейтүүгө даяр экенин билдирип, экономика, азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздук, ошондой эле экология тармагындагы биргелешкен аракеттерди колдоого даяр экенин айтты.

«Биз силердин өлкөлөр менен тыгыз кызматташууга даяр экенибизди билдиребиз. Биз экономикалык потенциалды өнүктүрүүгө, азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукту камсыздоого, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө багытталган аракеттерди колдойбуз», — деди  Садыр Жапаров.

Өз кезегинде өкүлдөр Кыргызстан тараптан көргөзүлгөн жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдиришип, өлкөнүн БУУнун ишмердүүлүгүнө кошкон салымын жана глобалдык маселелер боюнча активдүү позициясын жогору баалашты. Ошондой эле алар Кыргызстан менен кызматташтыкты эки тараптуу жана көп тараптуу форматтарда мындан ары да тереңдетүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар