whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
22.06.2025
22.3 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүСадыр Жапаров ЖККУга мүчө мамлекеттердин Коргоо министрлер кеңешинин делегациясын кабыл алды

Садыр Жапаров ЖККУга мүчө мамлекеттердин Коргоо министрлер кеңешинин делегациясын кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-майда, Бишкек шаарында Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим Уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин Коргоо министрлер кеңешинин делегациясын кабыл алды.

Мамлекет башчысы Кыргызстан аймактык коопсуздукту жана мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого багытталган ар кандай демилгелерди активдүү илгерилетип жатканын баса белгиледи.

Ал мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкка чоң маани берилерин жана өзүнүн приоритеттеринин алкагында жамааттык коопсуздукту бекемдөөгө, өз ара жардам берүү механизмдерин өнүктүрүүгө, ошондой эле заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга биргелешип каршы турууга күч-аракеттер жумшалаарына басым жасады.

Президент Кыргыз Республикасы уюмдун алкагында кеңейтилген өз ара аракеттенүү, ошондой эле эл аралык чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүүдө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги жана Шанхай Кызматташтык Уюму сыяктуу духу боюнча жакын уюмдар менен терең кызматташуу идеясын дайыма колдоп келе жаткандыгын баса белгиледи.

Ал ЖККУ Коргоо министрлер кеңешинин кезектеги отурумунда тараптар Уюмдун жоопкерчилигиндеги актуалдуу маселелерди талкуулап, аларды чечүүнүн конкреттүү жолдорун сунуштаганына ишеним билдирди.

Ошондой эле ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлери терроризм, экстремизм жана киберкылмыштуулук сыяктуу заманбап коркунучтарга каршы биргелешип күрөшүүнүн маанилүүлүгүн, ошондой эле тыгыз маалымат алмашууну жана аракеттерди координациялоону жолго коюу зарылдыгын белгилешти. Алар Кыргызстандын Уюмда ийгиликтүү төрагалыгын белгилешти.

Мындан тышкары, ЖККУнун укуктук базасын өркүндөтүүнүн жана аскердик-техникалык кызматташтыкты чыңдоонун, анын ичинде аскер кызматчыларын окутуунун жана кайра даярдоонун биргелешкен программалары аркылуу бекемдөөнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Жолугушуунун соңунда Президент Садыр Жапаров айтылган сунуштары үчүн баарына ыраазычылык айтып, бул идеялар Уюмду мындан ары өнүктүрүүгө жардам берет деген ишенимин билдирди.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар