Башкы беткеРубрикаларБилим берүүМугалимдердин отчеттору кыскартылат

Мугалимдердин отчеттору кыскартылат

Билим берүү жана илим министрлиги мугалимдердин отчеттуулугун кыскартуу боюнча масштабдуу иштерди баштады. Демилге министрлер кабинети тарабынан жүргүзүлүп жаткан дебюрократизациялоо саясатынын алкагында ишке ашырылып, мугалимдердин административдик жүгүн кыскартууга багытталганын Билим берүү министрлиги билдирди.

Ведомстводон кабарлашкандай, жумушчу топ түзүлүп, анын курамына мектеп директорлору жана мугалимдери, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү, тармактык адистер жана министрликтин кызматкерлери кирген. Топ мугалимдер мамлекеттик органдарга такай тапшырып турууга милдеттүү болгон бардык отчеттук формаларга талдоо жүргүзүүдө. Максаты – кайталоону жоюу жана окуу процесси үчүн реалдуу мааниси жок натыйжасыз талаптарды кыскартуу.

Учурда бардык отчетторду «Э-Күндөлүк» платформасы аркылуу электрондук форматка өткөрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар