whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
20.01.2026
-12.9 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыМамлекеттик Дума мигранттардын балдарын мектептерде акы төлөнүүчү окууга которууну сунуштады

Мамлекеттик Дума мигранттардын балдарын мектептерде акы төлөнүүчү окууга которууну сунуштады

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын Алексей Нечаев жетектеген «Жаңы адамдар» фракциясынын депутаттары билим берүү министри Сергей Кравцовго мигранттардын балдарынын мектепте бекер билим алуусун чектөө сунушу менен кат жолдошту. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.

Кайрылууда парламентарийлер Орусиянын жарандыгы жок балдар мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайларда акы төлөп гана окуй турган норманы бекитүүнү сунушташууда.

Демилге авторлорунун айтымында, чет элдиктердин балдарын бекер окутуу бюджетке жана билим берүү инфраструктурасына оорчулукту күчөтөт. Мындан тышкары, депутаттар бир катар аймактарда мектептердин ашыкча жүктөлүшүн, окуу орундарынын жетишсиздигин жана орус тилин начар билген окуучулардын окуу көрсөткүчтөрү төмөн экенин белгилешти.

«Чет элдик жарандар балдарынын окуу акысын орусиялык салык төлөөчүлөргө жүктөбөстөн өздөрү төлөшү керек»,

— деп айтылат катта.

Гезит

Бактысын гүлдөн тапкан Гүлмайрам

               Каарманыбыз Гүлмайрам Карабаева эженин гүлгө болгон кызыгуусу балалыктан башталган. Ошондон тарта анын кызыгуусу өчкөн жок. Тескерисинче өсүп,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар