Башкы беткеРубрикаларБилим берүүӨлкө боюнча 1,5 миллион окуучу билим алууда

Өлкө боюнча 1,5 миллион окуучу билим алууда

 2025-2026-жаңы окуу жылындагы эң чоң жаңылык мурдагы Билим берүү жана илим министрлигинин эки министрликке бөлүнгөнү болду. Президенттин жарлыгына ылайык, мындан ары  мектепке чейинки, башталгыч, негизги жана жалпы орто билим берүү, баштапкы кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү функцияларды Агартуу министрлиги аткарат. Ал эми илимий, илимий-техникалык жана инновациялык иш, орто, жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү, интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү милдеттер Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине жүктөлдү.

 Бул эки министрлик Билим берүү жана илим министрлигинин, КРнын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин базасында түзүлгөн. Мамлекет башчысынын ушул эле жарлыгы менен Президентке караштуу Улуттук аттестациялык комиссия Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссия болуп кайра түзүлдү.

Быйылкы жылдын дагы бир жаңылыгы жаңы окуу жылынан баштап мектеп окуучулары 6 баштан окуп башташат.

Жаңыланган Агартуу министрлиги учурда жаңы окуу жылына карата даярдыктарды аяктап калды. Агартуу министрлигинин басма сөз кызматына кайрылганыбызда төмөнкү маалыматтарды берди.

 БАЛДАРДЫ 1-2-КЛАССТАРГА КАТТОО

Кошумча квоталарды эсепке алганда, 1-2-класстарга балдарды кабыл алуу үчүн аймактык бөлүмдөр тарабынан 2025-2026-окуу жылына карата берилген орундардын жалпы саны 306 407ни түздү.

2025-жылдын 25-августуна карата жалпы билим берүү уюмдарына 206 835 бала кабыл алынды, анын ичинде 1-класска – 93 669, 2 -класска – 113 166 бала.

Белгилеп кетчү нерсе, 6 жаштан окутуу жаңылык болгонуна байланыштуу Агартуу министрлиги балдары бир дагы мектепке 1-2-класстарга кабыл алына элек ата-энелерге/мыйзамдуу өкүлдөргө дагы бир жолу мүмкүнчүлүк берүү максатында мектепке электрондук каттоо системасында кошумча квота ачып, 25-августта 2025-2026-окуу жылына мектепке 1-2-класстарга кошумча кабыл алуу жүргүздү. Бул мүмкүнчүлүктөн жүздөгөн ата-энелер жана мыйзамдуу өкүлдөр пайдалана алышты.

ЖАҢЫ ОКУУ КИТЕПТЕРИ МЕНЕН КАМСЫЗДОО

Агартуу министрлиги 27-августта жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн өлкөдөгү эң ири басмакананын өндүрүш процесси менен таанышуу жана окуу китептерин басып чыгаруу ишинин жүрүшү боюнча кеңири маалымат алуу максатында “Учкун” ачык акционердик коомунун басмаканасына пресс-тур уюштурду.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги “Учкун” ААК менен жалпысынан 571,9 млн. сомго 3 198 650 нускада окуу-методикалык комплекстерди басып чыгарууга келишимдерди түздү (2023-2024-жылдары 1 490 786 нускада окуу китептери даярдалган). Бул сумманын ичинен бүгүнкү күндө “Англис тили” предмети боюнча жаңы окуу-методикалык комплекстер 1 917 570 нускада басылып чыкты.

Ошондой эле 1, 2-класстар үчүн “Математика” жана “Табият таануу” предметтери боюнча жаңы окуу-методикалык комплекстер 1 281 080 нускада басылып чыгууда.

Кыргызстан менен Россиянын жумушчу тобу адаптациялаган орус тили жана адабияты боюнча окуу китептери Россия Федерациясында басылып чыгып, 2025-жылдын октябрь айында өлкөбүздүн мектептерине жеткирилет. Айта кетсек, Агартуу министрлиги «Окуу китеби» платформасын ишке киргизген. Бул платформа окуу процессин үзгүлтүксүз камсыз кылууга, басылып чыккан китептерди жеткирүү мөөнөтүнө көз каранды болбоого мүмкүндүк берет жана окуу китептерине бирдиктүү санариптик жеткиликтүүлүктү камсыз кылат.

Окуучулардын, ата-энелердин жана мугалимдердин ыңгайлуулугу үчүн “Окуу китеби” “Күндөлүк” жана “Санарип Кампа” системалары менен интеграцияланат.

Окуучулар окуу китептерин электрондук түрдө акысыз колдоно алышат, ал эми авторизациядан кийин – офлайн режимде иштөө үчүн аларды жүктөп алышат.

МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ

Соңку жылы мектепке чейинки билим берүү менен камтуу рекорддук көрсөткүчкө – 28,3 пайыздан 44,3 пайызга чейин өстү. Бүгүнкү күндө бала бакчаларга 257 миңден ашуун бала барса, дагы 100 миң бала “Наристе” программасы боюнча даярдыктан өттү. Алар менен иштөө үчүн системага көбүрөөк тарбиячылар келишти. Азыр алардын саны 12 миңдей, бул бир жыл мурдагыга караганда бир жарым миңге көп.

Бала бакчалар өзгөрүүдө: жаңы “Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу” мамлекеттик билим берүү стандарты, “1 жаштан 6 жашка чейинки балдарды өнүктүрүү” программасы киргизилди, уктоочу бөлмөлөр модернизацияланып, миңге жакын жаңы тайпа ачылды, натыйжада 25 миңден ашык кошумча орун пайда болду.

balalyk.edu.gov.kg бирдиктүү онлайн платформасы түзүлдү, андан өлкөнүн бардык бала бакчаларын табууга жана ваучерге өтүнмө берүүгө болот. 2024-жылдын ноябрынан баштап ишке киргизилген ваучердик система үй-бүлөлөргө кырдаалга жараша айына 2 миң сомдон 4 560 сомго чейин финансылык колдоо көрсөтөт.

МЕКТЕПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ

Быйылкы окуу жылында Кыргызстандын мектептеринде 1,5 миллиондон ашык бала билим алат. Жалпысынан өлкөдө 2394 мектеп иштейт (анын 224ү – жеке мектептер), анда 93 миңден ашык мугалим эмгектенет.

Негизги жаңылык – “Алтын Казык” программасынын алкагында 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүү. Жаңы мамлекеттик жана предметтик билим берүү стандарттары бекитилип, окутуу кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептер үчүн окуу программалары иштелип чыкты.

Жайында он миңдеген педагогдор жаңы стандарттар жана окуу китептери боюнча тренинг жана курстардан өтүштү. Июль-август айларында эле 18 миңдей, ал эми жыл башынан бери 30 миңден ашуун мугалим окутулду.

Жаңы окуу жылында Кыргызстанда “Наристе” мектепке чейинки даярдоо программасы менен иштеген 3 миңге жакын педагог башталгыч класстарга толук жүктөмдө сабак бере баштайт. Бул мугалимдерге болгон муктаждыкты жоюуга жана кадрларды мектепке чейинки билим берүүдөн башталгыч звеного которууга мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, 2025-жылы Кыргызстандын ЖОЖдорунун 1 222 бүтүрүүчүсү мектепте педагогикалык ишмердүүлүгүн баштайт.

Бүгүнкү күндө республиканын бардык аймактарында Август педагогикалык кеңешмелери өткөрүлүүдө, анын алкагында мугалимдерге 27 миңден ашуун “Алтын Казык” ноутбуктары тапшырылууда. Дагы ушунча сандагы ноутбуктар жыл ичинде башка мугалимдерге да тапшырылат.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ,

“Кыргыз Туусу”

 

 

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар