whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
15.11.2025
13.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүҮч жүз миңге жакын жаран айдоочулук күбөлүк ала албады

Үч жүз миңге жакын жаран айдоочулук күбөлүк ала албады

Кыргызстанда 2025-жылдын январь–сентябрь айларынын жыйынтыгы боюнча айдоочулук күбөлүк алуу сынагынан 281 миң 661 адам өтө алган жок.

Бул тууралуу Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун Айдоочулук курамды каттоо бөлүмүнүн башкы адиси Нургазы Ормонбек уулу “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын маалыматына караганда, отчеттук мезгил ичинде 74 миң 646 жаран сынактан ийгиликтүү өтүп, айдоочулук күбөлүк алган. Ормонбек уулу белгилегендей, автомектептерде билим алган көпчүлүк талапкерлер теориялык бөлүктөн жакшы көрсөткүчкө жетишкен менен, практикалык айдоо сынагынан кулап жатышат.

Белгилей кетсек, соңку жылдары өлкөдө жол кырсыктарынын саны көбөйгөндүктөн, айдоочулук күбөлүк берүү тармагында көзөмөл күчөтүлгөн. Айдоочуларды даярдоонун жана кайра даярдоонун сапатын жогорулатуу максатында 2025-жылдын 20-октябрынан тартып 2028-жылга чейин менчик автомектептерге лицензия берүүгө убактылуу тыюу салынды.

Адистердин айтымында, бул чара айдоо маданиятын өркүндөтүп, жол коопсуздугун камсыздоого багытталган.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар