Түндүк-Түштүк жолу: курулуштагы көйгөйлөр жана коррупциялык фактылар айтылды

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолу долбоорунун учурдагы абалы тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, тиешелүү жетекчилер жолдун курулушу менен жеринен таанышып чыгышкан. Текшерүүнүн жүрүшүндө көпчүлүк тилкелерде таш кулоо, кар көчкү жана күрткү басуу коркунучу бар кооптуу аймактар аныкталган. Учурда коопсуздукту камсыз кылуу максатында кошумча коргоочу курулмалар салынып, көчкү түшкөн тилкелерди тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Орунбеков бул стратегиялык долбоордун баштапкы этабында орун алган коррупциялык схемаларга да токтолду. Анын билдирүүсүнө ылайык, жол 2014-жылы эл аралык донорлордон алынган 1 млрд долларга жакын насыя каражаты менен башталган. Бирок долбоор шашылыш жана жетишсиз иштелип чыгып, каражаттын бир бөлүгү максатсыз пайдаланылган. Натыйжада курулуш сапатсыз жүргүзүлүп, коопсуздук маселелери бүгүнкү күнгө чейин толук чечилбей келет.

Маалыматка ылайык, учурда мамлекет кошумча ири көлөмдөгү каражат бөлүп, мурда кеткен кемчиликтерди жоюу жана бүтпөй калган тилкелерди аяктоо иштерин улантууда.

Ошондой эле элдин суранычын эске алуу менен жолду 2026-жылдын июнь айынан ноябрь айына чейин убактылуу ачуу чечими кабыл алынган. Бирок айрым тилкелерде таш кулоо коркунучу сакталып турганы белгиленет. Ноябрь айынан тарта 2027-жылдын май айына чейин жол кайрадан жабылат.

Расмий маалыматка ылайык, долбоор толук аяктап, бардык коопсуздук талаптары камсыздалгандан кийин жол 2028-жылы пайдаланууга берилет. Ал эми мурдагы мыйзам бузуулар боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөө жана соттук процесстер уланууда.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз