Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыЛуврдагы уурулук боюнча дагы беш шектүү кармалды

Луврдагы уурулук боюнча дагы беш шектүү кармалды

Парижде болгон Лувр музейин тоноо иши боюнча дагы беш адам кармалды. Бул тууралуу Париж прокурору Лора Бекко билдирди.

Анын айтымында, бул адамдар эки жума мурун болгон «Луврдагы кылмыш» ишине байланыштуулугу тергөө учурунда аныкталган. «Алардын бири тергөөчүлөрдүн негизги бутасы болгон», — деди прокурор RTL телеканалына берген маегинде.

Буга чейин иш боюнча кармалган эки адам өздөрүнүн катышы бар экенин жарым-жартылай мойнуна алышкан. Аларга уюшкан топтун курамында каракчылык жасоо жана кылмыштуу сүйлөшүүлөргө баруу айыптары коюлуп, ар бири үчүн кылмышына жараша 15 жана 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жаза чарасы каралууда.

Франциянын прокуратурасы учурда бардык шектүүлөрдү убактылуу камакка алды.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар