Япониянын улуттук метеорологиялык башкармалыгынын билдирүүсүнө ылайык, жанар тоонун күлү 18 километрге чейин көтөрүлдү.
Левотоби тоосу – эки чокусу бар жанар тоо, алардын бийиктиги 1584 метрди түзөт. Бул тоолуу массивде 2025-жылдын башынан бери болуп жаткан үчүнчү атылуу болуп калды.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кыйроолор жана жабыркагандар жок. Бирок, эксперттер катуу жамгыр жаа-ганда пайда болушу мүмкүн болгон сел агымдарынын (лахарлардын) жогорку ыктымалдыгы жөнүндө эскертишти. Вулкандан чыккан күл жана тоо тектери аралашкан суу кошулган аралашмалар жакын жердеги аймактарда күтүүсүз суу ташкындарын пайда кылышы мүмкүн. Жапон адистери цунами пайда болуу ыктымалдыгын да талдап жатышат.

