Улуу Ата Мекендик согушка алакандай элибизден 365 миң адам катышып, анын 152 миңден ашыгы кан майдандан кайтпай калса, көпчүлүгү алты мүчөсүнүн биринен ажырап майып болуп келишкен. Дайынсыз жок болушкандары канча? Айтор, башы бүтүн, боору эсен бир да үй-бүлө калган эмес. Ал эми оорукта калган энелерибиздин, кары-картаңдардын тарткан азабычы?! Үч дан өндүрсө, экөөнү майданга жөнөтүп турушкан. Ошону менен ал кездеги совет элинин биримдиги менен Улуу Жеңишке жетишкенбиз. Жалпысынан СССР мамлекети азыр такталгандай 27 млн калкынан айрылган. Анын 8,7 миллиону согушта курман болсо, 7,42 миллиону оккупацияланган аймактарда фашисттер тарабынан ойрон болгон. Дагы 4,1 миллиондон ашыгы оккупациялык режимдин катаал шарттарынан көз жумган. Ал эми Улуу Жеңишке кан-жаны менен салым кошкон элибизден 72 Советтер Союзунун Баатыры чыккан. 21 адам баатырга тете “Даңк” орденинин кавалери болгон.
Төмөндө Советтер Союзунун Баатыры Казак Жаркымбаев тууралуу сөз кылабыз.
Советтер Союзунун Баатыры Казак Жаркымбаев 1911-жылы Ысык-Көлдүн Таштак (азыркы Жаркынбай) айылында төрөлгөн. Бала кезинен жетим калып, көрүнгөндүн колунда жүрдү. Түйшүктү балтыр эти ката элек кезинен тартты. Бирок чыйрак чыкты. Жаңыдан уюшулуп жаткан «Ийгилик» колхозуна алгачкылардан мүчө болуп кирип, эл менен камыр-жумур иштешип жатканда, кан күйгөн согуш башталды.
Ал 1941-жылдын ноябрь айында майданга аттанган. Үч ай аскердик машы-
гуудан өтүп, 95-гвардиялык Полтава дивизиясынын 287-аткычтар полкунда кызмат кылып, Молдавиянын Дубоссары кыштагын бошотууга жана Днестр дарыясынан фашисттерди кууп чыгууга катышкан.
Таң атып, күн нуру тийип калган мезгилде душмандын самолеттору бомба таштап, танкалары Днестр суусунун аркы өйүзүнөн чабуулга өтүшөт. Сержант Жаркымбаев “Аткыла!» – деп команда бергенде, үч жоокер замбиректи дүрмөттөп, фашисттердин танкаларын көздөй снаряддарды мөндүрдөй жаадыра башташты. Немецтердин танкалары биринин артынан бири өрттөнүп, жалыны асманга көтөрүлүп жатты. Днестр дарыясынын боюндагы кармашта Жаркымбаев баштаган кыргыз жоокерлери душмандардын бешинчи жолу чабуулуна туруштук берип, алардын согуштук техникаларын талкалап, акыры жоонун мизин кайтарышкан.
Казак Жаркымбаевге Днестрдин жээгиндеги салгылашта көрсөткөн эрдиги үчүн СССРдин Жогорку Советинин Президиумунун 1945-жылдын 24-мартындагы жарлыгы менен Советтер Союзунун Баатыры наамы берилип, Ленин ордени ыйгарылган.
Ысык-Көлдүн баатыр уулу согуш аяктагандан кийин айылына келип, өзү мурда эмгектенген кoлхоздо бригадир, кийин башкарма болуп кызмат кылды. Колхоздор арасында алдыңкы катарда болуп, демилгелүү, жигердүү иштеди. 1969-жылы кайтпас сапарга узаган.
Баатырдын өлбөс-өчпөс эрдигин түбөлүккө сактап калуу максатында,
туулуп өскөн айылына жана бир көчөгө анын ысымы ыйгарылган.
Улуу Жеңиштин 45 жылдыгында айылдын чок ортосуна Казак Жаркымбаевдин эстелиги орнотулган. Анын айкели ар дайым жаш муунду мекенчилдикке
үндөп турат.
Малик АККӨРПӨЕВ,
Ысык-Көл району,
Чоң-Сары-Ой айылы