2025-жылдын күзүндө кыйынчылыктарга дуушар болгон Кыргызстандын тигүү тармагы бүгүнкү күндө жаңы шарттарга ыңгайлаша баштады. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова билдирди. Өндүрүштүк потенциал жана жумуш орундары сакталып, логистика жана экспорттук макулдашуулар камсыздалды.
Мамлекет тармакты колдоо үчүн жеңилдетилген насыялоо (1,5 млрд сом), кепилдиктер (113,8 млн сом), киреше салыгын 1% чейин төмөндөтүү жана камсыздандыруу төгүмдөрүн кыскартуу чараларын көрдү. Жүктөм мурдагы 9500–9800 сомдон 2555 сомго чейин төмөндөтүлдү, текшерүүлөргө убактылуу мораторий киргизилди.
Ишканалар туруктуу иштеп, экспорттук потенциалын кеңейтүүдө. Мисалы, “Моно Мисс” фабрикасы ай сайын 30 миңден ашык продукция чыгарып, Россияга экспорттойт жана жеңилдетилген насыядан пайдаланып өндүрүштү кеңейтүүдө.
Кыргызстандын тигүү тармагы акырындап ачык-айкын, туруктуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү өнүгүү жолуна чыкты.

