Башкы беткеМаанилүүБилим берүү мекемелери үчүн мамлекеттик резиденциясынан жер бөлүнөт

Билим берүү мекемелери үчүн мамлекеттик резиденциясынан жер бөлүнөт

Президент Садыр Жапаров билим берүү мекемелерин куруу үчүн, Бишкектеги «Ала-Арча-1» мамлекеттик резиденциясынын аймагынан 10,48 гектар жер бөлүүнү тапшырды. Бул маалымат коомдук талкууга коюлган документте айтылган.

Демилге Чоң-Арык айылындагы тургундардын жамааттык кайрылуусунан улам пайда болду. Алар айылда мектептер жана бала бакчалар жетишсиз экенин, балдардын мектепке чейинки жана мектептеги билим алуусуна тоскоолдук жаралып жатканын билдиришкен.

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлү белгилегендей, калктын өсүшүн жана социалдык инфраструктураны өнүктүрүү зарылдыгын эске алуу менен айылда билим берүү шарттарын түзүү приоритеттүү.

Документте маалымдалгандай, бөлүнгөн жер тилкеси жаңы мектептер, бала бакчалар жана саламаттыкты сактоо мекемелерин курууга ылайыктуу жана заманбап талаптарга жооп берет. Бул иш Чоң-Арык жана чектеш конуштардагы балдар үчүн билим берүү кызматтарын жеткиликтүү жана сапаттуу кылууга өбөлгө түзөт.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар