whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
24.04.2025
13.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүү«Учкун» ишканасы өткөн жылы 1,7 млрд сом киреше тапкан

«Учкун» ишканасы өткөн жылы 1,7 млрд сом киреше тапкан

2024-жылы «Учкун» ААК 1,7 млрд .сом киреше тапкан. Бул тууралуу Президенттин иш башкаруучусунун биринчи орун басары Бообек Салимжанов күн мурун ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышууга келген Жогорку Кеңештин депутаттарына айтып берди.

Ишканадан билдиришкендей, «Альянс» жана «Ынтымак» фракцияларынын депутаттары «Учкун» ишканасынын ишмердүүлүгү жана жетишкендиктери менен жеринде таанышып, 2024-жылдагы каржылык көрсөткүчтөрү боюнча маалымат алышты.

Бообек Салимжановдун айтымында, ишкананын 2024-жылдагы жалпы кирешеси 1 млрд 746 млн 665 миң 200 сомду түздү, бул бекитилген пландан 286,6 млн сомго көп. Ошондой эле «Учкун» ААКтын таза кирешеси 771 млн 908 миң 100 сомго жеткен.

«Учкун» ишканасынын техникалык базасын жаңылоо жана өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатуу ишкананын кирешесинин олуттуу өсүшүнө алып келди. Андан сырткары, ишкананын кызматкерлеринин саны 2024-жылы 313 адамга жетип, бул көрсөткүч 2023-жылга салыштырмалуу 147 кызматкерге көбөйгөн. Ошондой эле айлык маяна орточо 52,4%га жогорулады«, — деди ал.

Депутаттар ишкананын өндүрүш цехтери менен таанышып, жаңы жабдуулардын иштөө процессин көрүштү. Алар «Учкун» ААК өлкө экономикасы үчүн маанилүү ишкана экенин жана анын киреше алып келүүсү улуттук өнүгүүгө чоң салым кошорун белгилешти.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар