Башкы беткеСаясат жана коомКоомКоопсуздук курун тагынбаган айдоочуларга айып пул салынат

Коопсуздук курун тагынбаган айдоочуларга айып пул салынат

2025-жылдын 1-октябрынан тартып өлкө жолдоруна орнотулган аппараттык-программалык комплекстер (АПК) коопсуздук курун тагынбаган айдоочулар менен жүргүнчүлөрдү автоматтык түрдө каттай баштайт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Байказы Айтикул уулу билдирди.

Маалыматка ылайык, бул чара «Коопсуз өлкө» долбоорунун алкагында ишке ашырылып, жолдордо орнотулган фото жана видеобайкоо системалары аркылуу жүргүзүлөт.

Жаңы тартип төмөнкү максаттарды көздөйт:

  • жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу;

  • жол жүрүү маданиятын өнүктүрүү;

  • эрежелердин бузууларын алдын алуу.

ИИМ белгилегендей, курун такпоо да башка жол эрежесин бузуу сыяктуу эле АПК аркылуу катталып, айып пул салына турган мыйзам бузуу болуп эсептелет.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар