whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
12.11.2025
8.1 C
Бишкек

Трамптын 21 пункту

Палестиндерди Газа секторунан башка жакка көчүрүп, курорттук аймакка айлантам деген президент Дональд Трамп оюнан кайткан сыяктуу.
The Times of Israel газетасы АКШ лидери Газадагы согушту токтотуунун жаңы планын түзгөнүн, Трамптын 21 пункттан турган планы бир катар араб өлкөлөрү менен талкууланып жатканын маалымдады. Президент Трамп Truth Social платформасы аркылуу Газадагы кырдаалды жөнгө салууга арналган сүйлөшүүлөр ургаалдуу жүруп жатканын өткөн жуманын соңунда билдирди.

Айрым маалыматтарга ылайык, пландын негизги пунттарына төмөнкү иштер кирет:
Газаны «экстремизм и терроризмден» арылтуу; чабуулдардан кыйраган Газаны калыбына келтирүү; эки тараптын макуулдашуусу менен согушту токтотуу жана Израилдин аскер операцияларын токтотуп, анын аскерлерин Газадан чыгаруу; Израил келишимге даярдыгын билдирген убактан кийин 48 саат ичинде барымтадагыларды бошотуу; ккрман болгондордун сөөктөрүн кайтаруу, өмүр бою абакка кесилген жана колго түшкөн палестиналыктарды бошотуу; Газадан чыгып кетүүнү каалаган ХАМАСтын мүчөлөрүнө шарттуу ырайым берүү; ХАМАСтын биротоло куралсыздандыруу жана анын аймакты башкаруусун токтотуу, аймактагы мамлекеттер тарабынан коопсуздук кепилдигин бериши, Палестин мамлекетин түзүүгө даярдык көрүү ж.б.
Албетте, “7 согушту токтоттум” деп Башкы Ассамблеяда кеп кылган президент Трамп оптимисттик маанайда. Вашингтон Жакынкы Чыгышта чечүүчү роль ойной турганынан эч ким күмөн санабайт. Арийне, 21 пункт бири бири менен байланыштагы зарыл жана айрымдары татаал шарттар. Маселен, өзүн Палестина маселесинде башкы оюнчу катары эсептеп, башкарууга көнө түшкөн ХАМАС биротоло куралсызданууга жана аймакты башкаруусун токтотуу макул болушу кыйын. Пункттардын баары эле Израилди жана анын союздаштарын канааттандырбайт. Ансыз деле Европа мамлекеттеринин Палестинаны таануу парадына куйкасы курушуп, террористтерди актаган процесс деп атаган Биньямина Нетаньяху лаппай деп аткара койбойт. Тосмо шарттарды коет. Аймактагы мамлекеттер тарабынан коопсуздукка кепилдик бериши, кепилдик берсе дагы аткарышы проблема.

Канеткен күндө кыргыз лидери Садыр Жапаров Башкы Ассамблеяда таасын айткандай, “эки эл эки мамлекет” принцибин жүзөгө ашырууга карай татаал, азаптуу жол биргелешкен жана жоопкерчиликтүү аракетти талап кылат.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар