whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
29.04.2025
24.3 C
Бишкек

Элитага муктаждык

“Кыргыз Туусу” гезити Кыргызстандагы улуттук элитаны калыптандыруунун маселелери тууралуу кереге кеңеш өткөрдү.

Мамлекеттик ишмерлер, окумуштуулар, адистер катышкан кереге кеңеште элита түшүнүгү, анын түрлөрү, табияты, элитаны тарбиялоо маселелери кенен талкууланды. Кереге кеңеште айтылган пикирлер, ойлор, сунуштар “Кыргыз Туусу” гезитинин сайтында кеңири чагылдырылат.

Улуттук элитаны таптап, даярдоонун бүтүндөй системасы зарыл экендигин талкууга катышкандар бир ооздон белгилешти.

Кыргыз элинин дүйнө таанымында элита негизги философиялык, саясий, нравалык, нарк категорияларынын бири. Пассионардуу элитага тарыхый муктаждык керек, чоң курмандыктар талап кылынат, кыйчалыш мезгилде пайда болот деген пикирлер да окумуштуулар арасында арбын. Бизде муктаждык да, курмандык да жетиштүү, заман татаал, мезгил кыйчалыш.

Кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгын коргоого кудурети жетиштүү улуттук элитаны калыптандыруу өткөнгө шылтап же келечекке оодара салып буйтап кетүүгө болбой турган озуйпа. Тарыхый тажрыйба, президент Садыр Жапаров бекиткен “Уңгу жол” доктринасы да ушул проблеманын актуалдуулугун тастыктап турат.

“Кыргыз Туусу” гезити улуттук элитаны даярдоонун проблемаларына арналган талкууларды мындан ары да түрдүү форматта улантып, айтылган ой-пикирлерди талдап, жыйынтыгынын негизинде улуттук элитаны калыптандыруунун системасын түзүү боюнча өз сунуштарын “Ынтымак Ордого” бермекчи.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар