Электр энергиясын үнөмдөө — ар бир жарандын жоопкерчилиги

Коомубузда көптөн бери калыптанып калган бир туура эмес психология бар. Кээде унааны этиятсыз айдап бараткандарды көрсөк, «эмне, өкмөттүн машинесиндей айдап жатасыңбы?» деп коёбуз. Бул сөздүн артында мамлекеттик мүлккө кайдыгер мамиле жасоого болот деген терс түшүнүк жашынып турат.

Ушундай эле мамиле электр энергиясына карата да байкалууда. Тариф салыштырмалуу арзан болгондуктан, көпчүлүк жарыкты үнөмдөөнүн зарылдыгын сезе бербейт. Бирок акыркы жылдары өлкөдө курулуш күчөп, завод-фабрикалар ачылып, жаңы конуштар пайда болду. Натыйжада электр энергиясына болгон муктаждык бир нече эсеге өсүп жатканына байланыштуу, анын тартыштыгы өсүп жатканын Президенттик администрациясынын маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.

Буга чейин эле Кыргызстанда өндүрүлгөн электр энергиясы ички керектөөнү толук камсыздай алган эмес. Азыр бул тартыштык ого бетер курчуп турат. Ушуга байланыштуу өкмөт мамлекеттик мекемелерде электр энергиясын катуу көзөмөлгө алып, үнөмдөө режимин киргизди. Калкка да жарыкты сарамжалдуу пайдалануу чакырыгы жасалууда.

Ошол эле учурда энергетикалык жетишпестикти жоюу үчүн ири долбоорлор ишке ашырылып жатат. Кубаттуулугу 1860 МВт болгон «Камбар-Ата–1» ГЭСинин курулушу жүрүп жатат. Мындан тышкары, «Камбар-Ата–2» ГЭСинин 120 МВт кубаттуулуктагы экинчи агрегатын куруу иштери башталды.

Куланак ГЭСи (100 МВт) 2027-жылы пайдаланууга берилет. Күн жана шамал электр станцияларынын курулушу да башталып, жакынкы жылдары ишке кирет. Орто-Токой ГЭСи аяктоо баскычында турат. 2021–2025-жылдар аралыгында 30дан ашуун чакан ГЭС курулуп, ишке берилди.

Ал эми 2025-жылы төмөнкүдөй жыйынтыктарга жетишилди:

  • 7 чакан ГЭС ишке кирип, 48 МВт кошулду;
  • Токтогул ГЭСинде 4 гидроагрегат реконструкцияланып, 240 МВтка жогорулады;
  • Кемин районунда 100 МВт күн электр станциясы ишке берилди;
  • Бишкектеги таштандыны кайра иштетүүчү завод 30 МВт электр энергиясын өндүрө баштады;
  • Үч-Коргон ГЭСинин эки агрегаты жаңыланып, 18 МВт кошулду;
  • Каракөл ГЭСи курулуп, 21 МВт кубаттуулук берди.

Учурда 50гө жакын чакан ГЭСтин курулушу жүрүп жатат. Бул долбоорлордун натыйжасы 2030-жылдарга барып толук сезилип, Кыргызстан энергетикалык көз карандысыздыкка жетип, электр энергиясын экспорттоого мүмкүнчүлүк алат.

Бирок ага чейин ар бир жаран электр энергиясын үнөмдөөгө тийиш. Бүгүн республика боюнча суткалык электр керектөө 74,274 млн кВт/саатка жетип, ГЭСтердин өндүрүшү 57 млн кВт/саатты түзүүдө. Токтогул суу сактагычына секундасына 167 м³ суу кирип, 769 м³ суу агып чыгууда.

Климаттык өзгөрүүлөр жана кардын аз жаашы суу ресурстарынын көлөмүн кыскартып жатат. Эгер электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланбасак, суу сактагычтарда керектүү көлөмдү топтой албай калуу коркунучу бар.

Ошондуктан жарыкка «бул өкмөттүкү» деген кайдыгер мамиледен арылып, жоопкерчилик жана мекенчилдик сезим менен мамиле кылуу зарыл.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз