Генерал-лейтенант Владимир Алексеевге кол салуу болду. Орусиянын Тергөө комитетинин маалыматына караганда, белгисиз адам Москванын түндүк-батышындагы турак жайдын жанында генералга бир нече жолу ок чыгарган. Андан кийин кол салган адам изин жашырып кеткен. Алексеев ооруканага жеткирилген, учурда анын абалы тууралуу так маалымат айтыла элек.
Бул факты боюнча Тергөө комитети адам өлтүрүүгө аракет кылуу жана куралды мыйзамсыз сактоо беренелери менен кылмыш ишин козгоду.
Кол салуу Орусия–Украина–АКШ форматындагы Абу-Дабидеги сүйлөшүүлөр аяктагандан эки күн өткөндөн кийин болгон. Ал сүйлөшүүлөрдө орус делегациясын генерал Алексеевдин түздөн-түз жетекчиси, ГРУнун башчысы адмирал Игорь Костюков жетектеген.
Владимир Алексеев 2011-жылдан бери Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын Башкы чалгындоо башкармалыгынын (ГРУ) жетекчисинин биринчи орун басары кызматын аркалап келет. Маалымат каражаттарынын жазышынча, ал Сириядагы орус аскердик операциясы учурунда аскердик чалгындоо иштерин координациялаган. 2017-жылы ага Россия Федерациясынын Баатыры наамы берилген.
2023-жылдын жай айында Алексеев Евгений Пригожин уюштурган козголоңго каршы ачык чыгып, анын тарапкерлерин куралды таштоого чакырган.
Чет өлкөлөрдөгү орус операцияларына тиешеси бар деп эсептелгендиктен, ал согушка чейинки мезгилден бери Батыш өлкөлөрүнүн санкция тизмесинде турат. АКШ аны 2016-жылдагы президенттик шайлоого кибер кийлигишүүгө байланыштырса, Европа Биримдиги 2018-жылдан бери Британиянын Солсбери шаарында Скрипалдарды уулоо окуясына байланыштуу санкция салган.

