Окуу куралдар окуучуларга ыңгайлуу болсо

0
5364

                Учурда мамлекеттик билим берүү мекемелериндеги негизги көйгөйлөрдүн бири окуу куралдары. Жетишсиз жана баш аламандык. Жыл сайын бир эле предмет боюнча авторлору ар башка китептерди издеп, ата-энелер, окуучу жана мугалимдер убара тартып келет.

Ата-эне катары биз дагы бул көйгөйгө он жылдан бери аралашып келебиз. Өзгөчө аскер үй-бүлөсү катары жиберген жакка барып, үч кызыбыз Ош, Баткен, Кадамжай жана Бишкекте билим алып келишет. Абал кайда барбайлы бирдей. Жыл сайын окуу жылы башталганда окуу китептерин издемей. Мугалимдер деле бир туруп башка авторду айтса, кайра кийинки чейректе башка автор жазган окуу китепти алгыла дейт. Чоң балага алып берген бир китеп, кийинки окуу жылга жарабай калган заман. Китептерди табуу жана сатып алуу да өзүнчө түйшүк. 10-15 күн базар, дүкөн аралап баш катат. Кээде бир эле предметтеги автордун 4-5 жолу чыгарылыштагы китептери болот. Аны тактап, жылын авторун карап албасаң, дагы оң келбей түйшүк тартасың. Айтор, үч-төрт баласы мектеп окуучусу болгон ата-энелерде абал оор эле.

Мугалим, окуучу жана ата-эне ортосунда пикир келишпей, талашып тартышкан учурлар көп. Китептердин баа-сы да өзүнчө кеп. Жаңы китептердин сапаты, тамгалары (шрифти), боёктору начар абалдагысы 200 сом, жакшы болгону 600-700 сомго чейин. Ошентип орто баа 300-500 сом. Бир балага жок дегенде 4-5 китеп сатып бересиң. Албетте, ата-эне балдарынын билими үчүн баарына даяр. Бирок, көйгөй – кызылдай акчага келген окуу куралдары бир жылга жетип-жетпей жараксыз абалда болуп жатканы. Математика, физика, алгебра геометрия же кыргыз-орус тили предметтери боюнча  илимдеги өзгөрүү, теория, илимий практикалар жыл сайын жаңыланып жатпаса керек. Мисалга алсак, математикадан жаңы өзгөрүүлөр жыл сайын киргизилип жатабы, деги түшүнүксүз. Андыктан, туруктуу окуу программаларын кабыл алып, ошол боюнча китептерди бери болгондо үч-төрт жыл колдонсо болбойбу деген күдөмүк ойлор жаралат.

Агартуу министрлигинин расмий сайтындагы маалыматка караганда, 2025-жылы окуу китептерин басып чыгаруу үчүн 744 млн. сом бөлүнгөн. Жалпысынан алганда 1,5 млн. мектеп окуу-чуларынын  бардык окуу куралдарын чыгарууга бул каражат албетте, жетишсиз. Министрлик баарын убактысы, кезеги менен чыгарууга аракет кылып жаткандай. Баарын жаман дегибиз келбейт. Туура, учурда агартуу тармагында керектүү реформалар жасалууда. Бирок…

2026-жылдын үчүнчү чейреги башталган кезде, Бишкек шаарындагы мектептердин биринде окуп жаткан 7-класс-тагы кызым математика китебин алды. Сентябрдан бери математика китебин такыр алышпаган. Мамлекеттик “Окуу китеби”  басма үйүнөн чыгарган математика китебин көрсөң таң каласың. Абдан көлөмдүү. Бийиктиги 30 см.ге, туурасы  22 см.ге жакын, калыңдыгы 2 см. Оордугун айтпай эле коелу. Ансызда күн сайын 5-6 китепти сумкага салып, жонуна арткан өспүрүм балдардын ден соолугуна ким жооп берет? Ошол китептерди класстарга же мектептерге таштап коюу-
га шарт жок, аны баары жакшы билет. Класстарда кышкы калың кийимдерин илүүгө кийим илгичтер жетиштүү болбогон мезгилде, китептерди сактап коюучу шкафты айтпай эле кое туралычы.

Жаңы чыгарылып жаткан англис тили китептери да чоң форматта, эл аралык деңгээлде же Оксфорд китептери сыяктуу чыгарылып жатканы жакшы дейли. Бирок күн сайын 5-6 предметтик китепти көтөрүп келип окуган окуучулардын баштыгына батабы алар, ошондой ыңгайлуулук жактарына да көнүл бурсак.

Анын үстүнө окуучунун 7-8ден тартып, 10-12 дей окуу куралдары болсо, баары ар кандай абалда, сырткы размерлери эч окшошпойт, китеп кап сатып берейин десең башың айланат. Үч балаңдын ар бир китебинин сыртын сантиметрлеп өлчөп албасаң, китеп кап батпай  же чоң болуп калат. Акыры китеп жоктугунан, окуучулар айрым сабактардан онлайн окууга муктаж. Ошентип телефондон ансызда алыстата албай жаткан окуучу балдарды кайра эле онлайнга байлап жатабыз. Ооба, ыңгайлуулук жактары бар, бирок пайдасынан зыяны көптүгүнө адистер маани бергилери келбегени көрүнүп турат.

Өзүбүздүн тарыхыбызга кайрылсак, союз учурунда “Алиппе” китебинен тартып, орто мектептин программасына ылайык китептер чыгарылчу. Чыгарганда да ар бир класска ылайыктуу, билим берүү министрлиги бекиткен, белгилүү окумуштуу-илимпоздор даярдаган китептер болор эле. Башкача айтканда, ар бир класстын жаш курагын эске алып, өтө сапаттуу чыгарылган ал китептер далай жылга кызмат кылчу. Улуусу окуган китепти, эки жылдан кийин ошол класска барган бөбөктөрү окуй беришчү. Окуу программалары “ойкуштап” жыл сайын өзгөрө берчү эмес. Бүгүнкүдөй чаржайыттык кайдан болсун.

Ал эми дүйнөлүк практикада окуу китептерин колдонуу жана чыгарууда негизги эки түрдүү ыкма менен иш алып барышат. Мисалы, катуу стандарттык талаптарды Кытай, Россия, Франция, Түркия сыяктуу өлкөлөрү кабыл алган. Аларда китептер атайын экспертизадан өткөрүлүп, мамлекет тарабынан бекитилет жана чыгарылат. Бир предмет боюнча 1-2 гана расмий делип тандалган окуу куралдар колдонулат. Мында артыкчылык катары, бирдиктүү программа каралып, мугалимдердин окутуу системасында эркиндик чектелет.

Экинчи модель, Финляндия, АКШ, Канада сыяктуу өлкөлөрдө мамлекет максаттуу программаны гана кабыл алат. Ал эми китептерди жеке басмаканалар деле чыгара берет, мугалим же мектептер өздөрүнө ылайыктуу же каалаган окуу куралдарын колдоно алышат. Алардагы артыкчылыктуу багыт чыгармачылык, заманбап ийкемдүүлүк каралса, кемчилиги программалардын ар түрдүүлүгү, башаламандыгы эсептелинет.

Коңшу Казакстанда окуу китептерин даярдоо процесси Билим берүү министрлиги тарабынан катуу көзөмөлдөнөт. Окуу китептерин жазуу ачык конкурстун негизинде жүргүзүлөт. Авторлор, илимий мекемелер жана басма үйлөрү мамлекеттик буюртмага катышып, мыкты сунуштар тандалып алынат.

Ал эми Өзбекстанда болсо, окуу китептерин чыгаруу негизинен борборлоштурулган мамлекеттик модель аркылуу жүргүзүлөт. Билим берүү министрлиги окуу программаларын бекитип, окуу китептерин даярдоону
координациялайт. Аларда дагы акыркы жылдары окуу китептеринин мазмунун жаңылоого жана эл аралык тажрыйбаларды киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.

Ушул эл аралык деңгээлдеги билим берүүгө ыктаганыбыз өтө жакшы. Алар чыгарып жаткан окуу куралдарынын үлгү болчу жактарын кабыл алсак. Ошол эле учурда биздин коомубузду, жашоо-шартыбызды унутпасак. Анткени, балдарыбыз окуу куралдарын күн сайын сумкага салып, ар кандай алыс-тыктан, эптеп, кысылып сумкасын нары түртүп, бери түрткөн транспорттук каражаттар менен барып келишерин жакшы билебиз.

Башкысы, чоң жана оор китептердин ордуна, чакан жана жеңил түрүн чыгарууга көнүл бурсак. Же жакынкы убакта АКШ, Британиядагыдай бизде окуу шарттары өнүгүп, окуучулар мектепке окуу куралдарын таштап келип, атайын мектеп автобустары менен каттап калмай болсо го, анда жакшы. Кыскасы, он-жыйырма жылдан кийин омурткасы кыйшайып, денеси түз болбогон, ар кандай оорукчал жарандарыбызды чоңойтуп албасак дегим келет. Ошол окуу китептерин чыгарып жаткан кесипкөй адистер, биздин жашоо шартыбызга көңүл буруп, балдардын ден соолугун эске алышса деген ойдомун. Ошондой эле бир предмет боюнча (ар бир класс үчүн) министрлик жактырган мыкты делген, бир эле окуу китебин чыгарышса деген тилек. Болбосо, мектептер ар түрдүү “жулунган” авторлордун китептерин таңууланган өзүнчө эле “баюунун” обьектиси болуп калабы деп чочулайсың.

Гүлмайрам РАХМАНБЕРДИЕВА,
“Кыргыз Туусу”

 

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз