Башкы беткеМаанилүүБШК мөөнөтүнөн мурда шайлоого даяр экенин билдирди

БШК мөөнөтүнөн мурда шайлоого даяр экенин билдирди

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүгө даяр. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин жыйынында БШКнын төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров билдирди.

Эл өкүлү Гуля Кожокулова мөөнөтүнөн мурда шайлоо маселесин көтөрүүнүн негиздүүлүгүнө суроо коюп, Конституцияга ылайык учурдагы мөөнөт 2026-жылдын декабрында гана аяктай турганын белгиледи. Анын айтымында, бул мөөнөт бүткүчө мөөнөтүнөн мурда шайлоо жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес.

Тынчтыкбек Шайназаровдун айтуусунда, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү чечимин кабыл алуу укугу Жогорку Кеңешке гана тиешелүү. Бирок техникалык жана уюштуруучулук жактан БШК даярдык көрүп жатат.

“Конституциялык мыйзамдын талаптарына ылайык, бардык жоболордун 90%ы аткарылды. Эң негизгиси, келе жаткан парламенттик шайлоо жаңы система менен өтөт. Ар бир көп мандаттуу округдан үчтөн депутат шайланат. Бул жаңы программаны киргизүүнүн маанилүү баскычы болуп саналат”, – деди ал.

БШК төрагасынын айтымында, шайлоо системасынын жаңы моделин ишке ашыруу боюнча түштүк кореялык адистер менен кызматташтык жүрүүдө. Учурда бул багытта 40ка жакын адис иштеп жатат.

“Биз саясий чечимди кабыл алууга ар дайым даяр болушубуз керек”, – деп кошумчалады Шайназаров.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар