Окуу жылы башталганы жүргүнчүлөр көбөйүп, коомдук транспорт адаттагыдай “кокуй транспортко” айланды. Шаардын айрым көчөлөрү оңдолуп жаткандыктан кээ бир автобустардын маршруттары кыскарып, жүргүнчүлөргө сөз менен жеткире албай турган кыйынчылык жаралды. Бишкек шаардык транспорт муниципалдык ишканасы социалдык тармактардагы баракчаларынан мекемеге айдоочулар талап кылынарын, айдоочуларга бардык шарттар түзүлүп жаткандыгын жар салып келет. Бишкек мэриясы болсо коомдук транспорт көйгөйүн 100 пайыз чечилип калгандай өзү менен өзү алек.
Айдоочуну ким тескейт?
Шаардагы жол тыгындарынан жана автобустардын жол жүрүү интервалынын узактыгынан шаардын басымдуу аймактарында жүргүнчүлөр 15-20 мүнөттө жетүүчү жерине азыр 1 саатка жакын убакытта жетишет. Бул аз келгенсип шаардык транспорт айдоочуларынын айрымдары коомдук автобусту талаада трактор айдап бара жаткандай айдашып, жүргүнчүлөргө өтө орой мамиле кылышат. Автобустарда “Шаар мэриясы коомдук транспорт айдоочулары тарабынан жол эрежесин бузуу фактылары боюнча билдирүүңүздөрдү өтүнөт” деп бакыйта жазылган жана анын этегинде 0777 10 21 02, 0550 35 53 31 номерлери да көрсөтүлгөн. Тилекке каршы, бул номерлерге билдирүү кылуудан натыйжа чыкпасын билишкен шаардыктардын көбү айдоочулардын эреже бузууларына көз жумууга аргасыз. Муну жакында биз өз жон терибиз менен сездик. 13-август күнү кечке жуук Жибек жолу көчөсүнөн №175 автобустун айдоочусу Геннадий Кудашев коляскадагы бала менен турган бизди албай, “Унаа толтура” шылтоосу менен автобустун эшигин жаппай айдай качты. Айдоочу күтүүсүздөн айдап кеткендиктен автобус аз жерден колясканын дөңгөлөгүн илип кете жаздады. Бул факт боюнча 0777 10 21 02 номерине билдирүү жөнөтүп “Биздин номер жол эрежелерин бузуу боюнча, экинчи номер автобус боюнча. Сизге мэриянын номерин жөнөттүк. Ошол номерге жөнөтүңүз” деген жооп алдык. Көрсө 0777 10 21 02 номери Милициянын кайгуул күзөт кызматына тиешелүү экен. Мындай жоопту күтпөгөн жаныбыз аргасыз вотсап аркылуу аталган кызматтан келген Бишкек мэриясынын колл-борборуна билдирүү жөнөттүк. Ага удаа эле экинчи 0550 35 53 31 номерине да билдирүүбүздү узаттык. Түн бир оокумда гана Бишкек шаардык транспорт муниципалдык ишканасынын кызматкери Тилек Адылбеков байланышып, ал-акыбалыбызды сурап, айдоочуга чара көрүлөрүн убада кылды. Туура үч күндөн кийин Бишкек мэриясынын колл-борборунан “Саламатсызбы, сиздин кайрылуунуздун жообу: 285АЗ номурлуу No175 автобустун айдоочусунун жүрүм-туруму тууралуу маалымат эске алынганын “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасы билдирди. Айдоочу менен жүргүнчүлөрдү отургузуу жана түшүрүү эрежелерин сактоо, ошондой эле кызматтык аялдамаларга көңүл бурбай коюуга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү” деген жооп келди. Ошентип биз моралдык жактан жабыркаган бойдон кала бердик. Өкүнүчтүүсү, айдоочулар арасында мындай эреже бузуулар аз эмес.
Өйдө тартсам өгүз, ылдый тартсам араба
Эми ошол эле биз жашаган Калыс-Ордо жаңы конушуна №175, №15, №50 автобус каттайт. Шаарды айланма жол жасалып башталганы жүргүнчүлөрдү шаардын борбору менен байланыштырган №50 автобус кирбей калды. Ошол себептен элдин көбү азыр №175 автобуска шыкалып, балдар, кары-картаңдар басырыкта калып атышат. Эгер элди ойлосо “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасы элге түшүндүрүү иштерин жасап, убактылуу болсо дагы №175 автобусту көбөйтүп же дагы башка автобусту киргизиши керек эле. Мунун бири жасалбагандыктан, №175 автобус линияда аз болгондуктан Калыс-Ордо, Маевка эли учурда “кокуй транспорттун” азабын жеп жатат. ªкүнүчтүүсү мындай көйгөй бир эле Калыс-Ордо жаңы конушунда эмес Бишкек шаарынын көпчүлүк аймактарында бар. Автобустан жедеп тажагандар велосипед менен каттайлы десе шаарыбызда кыйраткан веложолдорубуз жок. Ошол себептен учурда көпчүлүк шаардыктар күйүүчү майдын кымбаттыгына карабай жеке унаалары менен ары-бери каттоого аргасыз. Бул барып-барып кайра эле шаардык абанын булганышына, жол тыгындарынын көбөйүшүнө себепкер болууда.
Аялдамалар кайда?
Бишкек коомдук транспортундагы дагы бир орчундуу көйгөй – мерчемдүү жерлерде аялдамалардын жоктугу. Жаңы конуштарды коёлу, шаардын айрым аймактарында аялдамалар жок. Ошол себептен автобус айдоочулары каалаган жеринде токтоп жүргүнчү ала берет. Муну көргөн жүргүнчүлөр да автобусту керек десе үйүнүн босогосунан тосуп түшкөнгө аракет кылышат. Ар бир 5-10 метр сайын токтой берүү автобустардын тетиктерин иштен чыгарарын айдоочу да, жүргүнчү да ойлонбойт. Ири габариттүү автобустар келерден мурун аялдамалар коюлуп, айдоочулар менен жүргүнчүлөргө автобус аялдамадан гана токтоору эскертилип турганда эмдигиче эл ошол тартипке көнүп калмак. Мындай ишти убагында жасагандын ордуна мэрия айдоочулар менен жүргүнчүлөрдү итче кабыштырып коюп, күнөөнү бирде жүргүнчүлөргө, бирде айдоочуга оодаруу менен алек. Ошондуктан “кокуй транспорттогу” тирүүлөй тозокту түшүнүш үчүн Бишкек мэри Айбек Жунушалиев менен “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын директору Талант Капаровду, транспорт министрин Ош мэри Жеңишбек Токторбаевчесинен шаардык автобуска бир түшүп көрүүгө чакырат элем.
Малдай эмес, маданияттуу болсок
“Керкисинде да, кемигинде да бар” дегендей коомдук транспорттогу көп жылдардан бери чиеленишип келе жаткан маселе жүргүнчүлөрдүн коомдук транспортто жүрүү маданиятынын төмөндүгү. Бишкек маданияттын очогу дегенибиз менен автобуста коңурук тартып, сөгүнүп, малчаңдап тамак жеп, элге угуза катуу сүйлөп, ал тургай мушташканга чейин барып жатабыз. Такси жалдап алгансып ордунан араң козголгон ири габариттүү унааны көрүнгөн жерден токтоткондор бар. Айдоочу токтотуудан баш тартса ата-жотосунан бери ашатып киребиз. Ал тургай айрымдар айдоочуну башка-көзгө койгулап сабап да жиберет. Ошондуктан автобустарда атайын видеокамералар орнотулуп, сөгүнгөн, айдоочуга кол көтөргөн, аялдама жок жерден токтотууну талап кылып, мушташууга баргандарга административдик айып пул салынып, керек болсо убактылуу темир тор артына жабуу керек. Антпесе, өзүн унаага жүктөлгөн азоо малдай алып жүргөндөр тартипке келбейт.
Анан эң негизгиси коомдук транспортто жүргүнчүлөргө бардык ыңгайлуу шарттар түзүлүшү кажет. Азыр шаардагы автобустардын алгачкы алынгандарында кондиционер жок. Бул жайкы аптапта шаардыктарга бир топ ыңгайсыздыктарды жаратарын жакшы билебиз. Желдеткичтин жоктугунан айрым учурда дем жетпей кулаган адамдарды көрүп жүрөбүз. Андай учурда автобуста жазылгандай кан басымы жогору же төмөн адамга айдоочу да жардам бере албай калышы ыктымал. Анын үстүнө азыркы автобустар газ менен жүрөт. Анын жүзүн ары кылсын, бирок, кокус техникалык себептерден улам өрт чыга турган болсо консерва банкасындагы балыктардай шыкалган элди саналуу мүнөттөрдө сыртка чыгаруу мүмкүн эмес. Муну азырынча эске алган жан жок.
Анализ да, аракет да жок
Баамдаган адамга аялдамада турсаң кайсы бир автобус тез-тез каттайт жана анда жүргүнчүлөр аз. Дагы бир башка шаардык автобустун маршруту өтө узак болгондуктан (мисалы №50 автобус Калыс-Ордо жаңы конушунан Рухий Мурас жаңы конушуна чейинки маршурутта каттайт) жарым саатта бир келип, элди дайыма шыкап алып ташыйт. Шаардын кээ бир жолдорунда бири-бирине атаандашкан, бири-бирин дээрлик кайталаган маршруттар да жок эмес. Айрым автобустар жүргөн кууш көчөлөрдүн жээктеринде жеке менчик унаалар каз катар тизилип, жол жүрүүгө тоскоолдук жаратып турганын көрүүгө болот.
Шаардын, жаңы конуштардын айрым участокторунда жол туура эмес жасалгандыктан азыркы автобустар бурула албай бордюрларды тебелеп кетип жатат. Кыскасы, коомдук транспорттун эркин жүрүшүнө шарт түзүү маселесинде сыдыргыга салып, оңдой турган жагдайлар көп. Чындап келсе ага бюджеттен анчалык деле көп каражат кетпейт. Болгону тиешелүү кызмат жетекчилеринин чечкиндүү аракеттери керек. Тилекке каршы, жеткиликтүү анализдин, аракеттин жоктугунан коомдук транспорт дагы деле “кокуй транспорт” боюнча калганы өкүндүрөт.
Мелис СОВЕТ уулу, “Кыргыз Туусу”

