Салтанат МИТИЕВА: “Атам жетим балдарды биз менен бирге бакчу”

(Башы өткөн санда)

Көптөгөн мекендештер Россияга агылып, ал жактан айрымдары ийгиликтерге жетишсе, кээ бирөөлөрү акчанын айынан жаза тайып кылмышка кириптер болушуп, темир тор артында отурушканы баарыбызга маалым. Кылмышты бири билип жасаса, бири билбей жасагандыктан, алардын баарын бир беткей жаманга чыгарып койгон болбойт. Ушундай күтүүсүз жерден тагдыры бузулгандарга кол сунуп, жыйырма жылдан бери Россия абактарындагы боордошторубузду Кыргызстанга которууда талбай эмгек кылып келе жаткан мекендешибиз Салтанат МИТИЕВАны азыр кыргыз эли жакшы тааныйт. Жол түшүп, Бишкекке келип калган экен, атайы жолугуп кепке тарттык.

-Абактагыларга жардам берем деп жүрүп өмүрүңүз далай жолу тобокелчиликке салыныптыр да…

-Менин чекемде бир тырык бар. Бул мындан 3-4 жыл мурун 6 СИЗОдо болгон окуядан калган тырык. Өзбек аял баңгизат менен кармалыптыр. Сот процесси боюнча тергөөчү, адвокат, котормочу айыпталуучуга айыбын угузган соң сот иши прокуратурага өткөрүлөт. Ошол өзбек аялдын айыбын угузганы барсак ал “Сен эмне келдиң, сен ушулар менен иштешесиң! Сен саткынсың, мен силерди жек көрөм!” деп кыйкыра баштады. Мен сабыр сактап “Эже сиз азыр айып кагазы менен таанышпасаңыз бул жерде отура бересиз. Мен болгону котормочумун. Мен которуп гана берем” дедим. Ошентип айып угузуу процесси бүттү. Тергөөчү, адвокат сыртты көздөй басып аркасынан мен бараткам. Капысынан темир тордон аял бутун чыгара калганда мен чалынып кетип темирдин кырын сүздүм. Чекемден кан атып кеткенде өзбек аялдын жүрөгү түшүп, көзү алая түштү. Аңгыча башкалар жетип келишип, мени санитардык бөлүмгө алып барып канымды токтотушту. Тергөөчү бул сага “Подножка бердиби?” деп кайра-кайра сураганда “Жок өзүм чалынып кеттим”,-деп арыз жазбай көгөрүп туруп алдым. Мага ишенбей алар видеокамераны карашты эле кудай жалгап бут жагыбыз түшпөй калыптыр. Ошондо чалды дегенимде эле ага дагы эки-үч жыл кошулмак. Кийин ошол аял экөөбүз жакшы болуп кеттик. Катачылыгын түшүнүп көпкө кечирим сурап жүрдү. Азыр ал Владимир аялдар абагында, сүйлөшүп турабыз. Башкалары да тынбай телефон чалышып, SMS жазып турушат.

—  Ушундай айкөлдүктү, сабырдуулукту, кечиримдүүлүктү кайдан алгансыз?

-Ата-энемден болсо керек. Мурда айтканымдай атам Кычан Жакыпов атындагы мектеп-интернатта иштечү. Жайкысын атам үйгө толтура балдарды алып келчү. Мен аларды биздин туугандардын балдары экен деп ойлопмун. Көрсө атам мектеп-интернаттагы ата-энеси жок балдарды бакчу экен. Кийин атам алардын бойго жеткендерин үйлөнтүп-жайлантып да жүрдү. Өзүм ошол атам иштеген мектепте окудум. Агай, эжейлерим “Сенин мүнөзүң, баскан-турганыңдын баары атаңдыкына окшош” деп калышчу. Азыр атам 76 жашта, апам 72 жашта. Бишкектин Ак-Жар жаңы конушунда турушат.

-Мекендештер үчүн ак дилиңиз менен кызмат кылып, чоң соопчулук иштерди жасапсыз. Мамлекет тарабынан бул эмгегиңизди баалагандар болдубу?

-Жогорку Кеңеш депутаттары баалап, маани берип келатышат. Кезинде Жогорку Кеңеш спикери Талант Мамытовдон Ардак грамота, диплом алгам. Депутаттардан ыраазычылык каттарын алдым. Анан айрым учурларда сыйлоо кечелерине чакырып калышат. Убакытым жок болгондуктан көп учурда бара албай калам. Таң калганым, мага түрдүү адамдар “Баламды, кызымды же инимди абактан которууга жардам бериңизчи” деп көп чалышат. Телефон номеримди кайдан алышканын сурасам алар прокуратурада, милиция кызматкерлеринен алганын айтышат. Андайда “Аа мени эл, мамлекет баалап, мага ишеним артат экен” деп кубанып калам.

-Депутаттар деп калдыңыз, соттолуучуларды которуу маселесинде кайсыл депутаттар сизге жардам кылды?

-Соттолуучулардын документтери Жогорку сотто же Башкы прокуратурада кармалып же унутулуп баратса көп учурда ЖК депутаты Нурбек Алимбековго кайрылам. Анан Бактыяр Калпаев деген эл өкүлү менен акыркы мезгилде жакшы кызматташа баштадым. Бул кишини мурда тааныбайт элем. Бир күнү мага бир жигит чалып ЖК депутаты Бактыяр Калпаевдин жардамчысымын деп өзүн тааныштырып, баткендик бир жигит Россияда кармалып калганын жана анын этабы болбой жатканын айтып жардам сурады. Мен жол-жобосун айтып бердим. Көрсө, бул баланын ата-энеси Бактыяр Калпаевге жардам сурап келип ал бул ишти жардамчысына тапшырыптыр. Ошондон бери документтер боюнча депутаттык өтүнмө керек болуп калса Бактыяр Алиевичтин жардамчысына кайрылып жатам. Депутат өтүнүчүмдү жерге калтырбай, жардам берип келе жатат. Жакында мен бул эл өкүлүнүн жардамчысына абактардан келген кыздардын коомго адаптацияланышы кыйын болуп жатканын, алар тажрыйбалуу тикмечилер болгондуктан Кыргызстанда абактан чыкандар үчүн атайын тигүү цехин ачып, ал жерде аскердик формаларды тиктиртүү сунушумду айттым. Эгер бул ишке ашып калса сонун болмок. Себеби, алар бири-бири менен жакшы тил табышат, кыймылдары да тез. Сапаттуу тигишет. Мындан сырткары мага жакында ЖК депутаты Алтынбек Кылычбаевдин кеңешчиси байланышып, мыйзамдык, юридикалык жардам керек болсо эл өкүлү кол сунууга даяр экенин айтты.

— Мамлекет демекчи, соттолгон кыргызстандыктар маселесинде Россиядагы Кыргыз республикасынын элчилигинен жардам сураган учурларыңыз болобу?

— 2022-жылы мага элчиликте иштеген Доорбек Абдразаков деген киши чалып “Сени элчи эжеке көргүсү келип жатат, келе аласызбы?,-деди. Макул деп иштен кийин бардым. Барсам элчи Гүлнара-Клара Самат айым “Сенин соттолуучулар менен байланышың абдан жакшы экен. Кандай маселелер бар?”,-деди. Мен соттолгондорго байланыштуу бардык көйгөйлөрдү, соттолуучуларды которуу боюнча маалыматтын жетишсиздигин, ошол себептен айрым шылуун адвокаттардын карапайым элден акча саап жатышканын да айтып бердим. Элчилик өкүлдөрү абактарды кыдырып, соттолгондорго которуу боюнча түшүндүрмөлөрдү берүүлөрүн өтүндүм. Абактагылардагылардын кыйынчылыктарынын баарын айтып бердим. Биз жылуу коштошуп, мен телефон номеримди калтырып кеттим. Ошол жолугушуудан 3 күн өткөндөн кийин каттоо маселесинен улам Казакстанга чыккан 18 кыргызстандык жол кырсыгынан каза болуп калды. Бөөдө өмүрү кыйылган жапжаш кыз, уландарга жүрөгүм ооруп соцтармактагы баракчама “Элди ойлобогон элчи кетсин!” деген видео чыгардым. Ошондон тарта кыргыз элчиси тарабынан мага куугунтук башталды. Бир күнү иште отурсам Россиянын ИИМинин бир бөлүмүнөн чакыртышып барсам “Сиз Россиядагы Кыргызстан элчилигин басып алууга аракет жасапсыз” деген кине угузушту. Басып алууга аракет болбогонун далилдеп берип, ал жерден чыктым. Ошентип эки-үч жол ИИМ бөлүмүнө чакыртканынан айлам кетип Кыргызстан Президентине “Элчилик мага тынчтык бербей жатат” деп электрондук кат жолдогонумдан кийин тынчыган. Кийин да бир келин тарабынан менин үстүмөн Кыргызстан ИИМинин Россиядагы өкүлчүлүгүнө арыз жазылып, аны элчиликтеги консул уюштурганы ачыкталып калды. Ошол учурда абдан көңүлүм чөгүп, жардам сурагандардын баарына “Элчиликке кайрылыгыла” деп да калгам. Көрсө ошол убакта мен эле эмес элчилик тууралуу сүйлөп койгондордун көбү куугунтукталыптыр. Азыр Кудайга шүгүр, Россиядагы кыргыз элчиси жакшы иштеп жатат. Былтыр Мордовиядан, Тверден жана башка жактардан балдар байланышып “Элчиликтен бизге келип кетише алабы?” дешти. Элчиликтегилерге айтсам ал жактарга барып келишиптир. Бир кыздын паспортунун мөөнөтү бүтүп калыптыр, аны бир айда жасатып беришти.

— Кыргызстандыктардын укуктук-мыйзамдык маселелери менен көп иштейт экенсиз. Биздин укук коргоо органдары менен кызматташтыгыңыз кандай?

— Абактагыларды которуу иши Башкы прокуратура, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) менен тыгыз байланышта болгондуктан эки органдын өкүлдөрү менен дайыма байланышта болуп турам. Башкасын билбейм, бирок, ЖАМК кызматкерлери өз ишине абдан так. Мамлекет ушул мекемеде иштеген мыкты кызматкерлерге бир сыйлык берип койсо да жарашат.

-Келечекте эми кандай иш-пландарыңыз бар?

— Документ бүтүрө турган бир жаш кызды тарбиялап, таптап Россияга калтырып, өзүм бул жакта Жыргалбек Бабаевге окшогон күчтүү адвокаттардын практикасынан өткүм келип жатат. Максатым ишке ашса каражат жагынан кыйналган жарандарга бекер же чамасына карап юридикалык жардам берсем дейм. Албетте, акча керек, бирок, мага эч нерсеге сатылбай турган ак бата баалуу.

Мелис СОВЕТ уулу, “Кыргыз Туусу”     

 

 

 

 

Акыркы гезиттер

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной торговле, поэтому любое...

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн өнүгүүсүнүн азыркы этабына...

Кыргызское ускорение

Источники, пределы, риски        За последние пять лет Кыргызстан прошёл через фазу, которую уместно называть не просто ростом, а ускорением. Среднегодовые темпы увеличения ВВП в 2022–2025 годах превысили...

Каргыш

Матай мырзанын колуна Ак жал күлүк тийгенден баштап, мартабасы артып, батышынан Кетмен-Төбөнүн чынжырлуу манаптары Рыскулбектин уулдары, түндүгүнөн Суусамыр болуштугунун мыктылары, чыгышынан боркемик, чекир саяктын чоң манаптары, түштүк-батышынан...