Өкүнүчтүүсү өлкөбүздө ажырашуулар саны азайбай жатканы белгилүү. Мындай учурда турмушту терең түшүнгөн, акылман, кеменгер карыялардын, байбичелердин кеп-нускалары жаштарга аба, суудай керек сыяктуу. Буга байланыштуу кезинде окурман журтуна “Тагдыр” аңгемеси, “Ыраактагы адам” драмасы, “Жыландар ханышасы” романы менен таанылган белгилүү жазуучу Эмил Өмүракуновдун жубайы, 78 жаштагы Мария Өмүракунованы кепке тартып, кызыктуу маек курдук.
— Мария апа, илгерки мезгилге салыштырмалуу азыр ажырашкандар көп. Мунун себеби эмнеде деп ойлойсуз?
-“Элүү жылда эле жаңы, жүз жылда жер жаңы” дегендей азыр улуу, кичүүнүн, аксакалдардын, байбичелердин деле күлк-мүнөзү өзгөрдү. Албетте, кыргыздын менталитетине, салт-санаасына ылайык нарк-насилибизди сактасак жакшы болмок. Бирок, акыркы мезгилде бизде эркек менен аялдын, кайын эне менен келиндин, улуу менен кичүүнүн тирешүүсү, эрегишүүсү күч алгандай. Негизги медицина, психология, дин дагы эркектердин акылы аялдыкынан бийик болот деп окутат. Аны көбүбүз негедир кабыл алгыбыз келбей калды. Мындай нерселерди илгери ата-бабаларыбыз көп сөз кылбай эле макал-лакаптар, накыл кептер менен туюнтуп, аң-сезимге жеткирип келген. Мисалы, “Кызга кырк үйдөн тыюу” деген кеп бар. Бул келечекте жар, келин, эне боло турган кызга жаштайынан туура тарбия берип, уятсыздыктан, ыймансыздыктан, жаман нерселерден оолак кылуу дегенди билдирет. Ошону түшүнгөн энелерибиз бизге “Кызым кийин бир жерге келин болуп барасың. Ошондо кайын журтка суудай сиңип, таштай бекем орногун. Кайын журтуңду, жолдошуңду сыйласаң кийин сен да сый көрөсүң” деп акыл-насаатын көп айтышчу.
Азыркы энелердин айрымдары “Күйөөң андай кылса, сен мындай кыл. Ажырашкан сен эле бекенсиң, жиниңе тийсе балдарыңды алып баса бер” деп тетири тарбиялашчу болуптур. Аял канчалык сабырдуу, ыймандуу, акылдуу болсо ошол үй-бүлөгө бакыт уялап, ажырашуу аз болот. Бекеринен “Аял үйдүн куту” деп айтылган эмес. Мен курдуу бир аялга жолдошу үйлөнөр алдында “Эч качан мага кетем деп айтпа. Кетем десең ошол күнү биротоло кет. Анан апамды сыйла” дептир. Ошону бекем карманган аял азыр бактылуу чоң эне.
-Илгери келиндер ыйбаа кылып кайын атасын, кайын энесин, кайнагаларын атынан айтпай тергеп, жүгүнүп учурашышчу экен…
-Ооба, биздин убакта баары кайын атасын, кайын агаларын тергешчү. Өзүмдүн эле кудагыйымдын кайын энесинин аты Күмүш болчу. Аны кудагыйым “Мөңгү” деп, Кочкорбай деген кайын атасын “Койдун эркеги” деп тергечү. Кочкор районун “Жолдогу район” деп айтчу. Азыр антпей эле кайын атасы менен кайын энесинин бешигин терметишкенсип атынан айтышып, кайнагаларынын алдынан тостоюп чыгып жатышпайбы. Келин кайнагалары менен тастаңдап “Кандайсыз?” деп учурашкандан көрө жүгүнүп койсо биринчиден, ал гимнастика, экинчиден, кайын журтунун ак батасын, ыраазычылыгын алат. “Келме кезек, терме тезек” дегендей ким жашында улууларга кандай мамиле кылса, кийин анын акыбетин сөзсүз көрөт. Кайын журтун сыйлаган келин күйөөсүнө барктуу болот. Ошол эле кезде кайын ата, кайын эне, кайнагалар, кайын эжелер да туура акылын айтып, келинге келиндей ызаат кылышы керек. Куйма кулак келин акылды сиңирет, акма кулактарга болсо айла жок. Улуу адам эч качан жаман болсун дебейт. Ошондон улам “Улуунун сөзүн угуп ал. Карынын сөзүн капка сал, оозун бекем бууп ал” айтылып калган.
— Жашоо кыйын дегенибиз менен ысырапкорчулук да күч алды. Буга эмне дейсиз?
— Азыр “Аш көп болсо каада көп” болуп жатабыз. Тойго барган жаш келиндер 2 000 сомго кирпик чаптатып жатышат. Өзүм врач болгондуктан улам билем, жасалма кирпик табийгый кирпикти түшүрүп салат. Анан дагы 2000-3000 сомго арбайтып тырмак койдуртушат. Узун тырмак биринчиден, гигиенага туура келбейт, экинчиден, ал кыргыздын салтына туура келбейт, үчүнчүдөн, ал келиндин акылдуулугун эмес, тескерисинче, кыска ойлуулугун далилдейт. Таң калганым, азыркы кыз, келиндер бир тойго кийип барган көйнөгүн экинчи тойго “эл көргөн” деп кийбейт экен.
Эмне, жасалма кирпик, тырмак чаптабай, жаңы көйнөк кийбей барса аны тойго бирөө киргизбей коёбу?! Чындап келсе азыркы заманда орто үй-бүлөнүн тапканы күнүмдүк тамак-ашка, кийим-кечеге, ар кандай жакшылык, жамандыктарга өп-чап жетет. Ага карабай эле куру намыска алдырып, ашыкча чыгым кыла берген болбойт. Айрым жаштар үй саларга жер ала албай, балдарын окута албай жүрүшүп, ар кандай шерине, той, “чёрный касса” дегенден калышпайт экен. Кыргызда “Аял үйдүн куту” деп бекеринен айтылбайт. Аял сарамжалдуу, каниеттүү болбосо эркек күнүнө күмүш, айына алтын тапса да ал үйдө береке болбойт. Анан аялдын тапканына караганда эркектин тапканында береке көбүрөөк болот. Ошондуктан аял чакчаңдай бербей, үй-бүлөлүк каражатты сарамжалдуу пайдаланышы керек.
— Сиз бала кезде элдин пейили кандай эле, азыр кандай болуп калды?
— Биздин айылда Бектур деген кишинин аталаш Каным деген эжеси башка айылдагы Жумагул деген жигитке турмушка чыгат. Анын согончогу канабагандыктан (төрөбөгөндүктөн) кайын журту келинди жакшынакай төркүнүнө узатышат. Сүйүүнүн күчү керемет болуп Жумагул ата жубайынын аркасынан келип алыптыр. Бектур ата ылайдан тургузулган, асты тактайланбаган үч бөлмө үйүнүн бир бөлмөсүн Жумагул ата менен Каным апага берип, эки үй-бүлө көп жылдар бою бир үйдө жашашты. Жумагул ата кийин Бектур атанын эки кызын багып алып, жакшы асырап чоңойтуптур. Карачы ынтымакты, пейилди. Азыр заңгыраган, көп бөлмөлүү, ашканасы, уктоочу бөлмөлөрү өз-өзүнчө салынган үйдө бир туугандын балдары батышпай жатат. Айылда, шаарда байлыгы ашып ташыган байлар тууганына чычкак улагын, беш-он сомун ыраа көрбөй калды. Ошондон улам мага илгеркидей ынтымак, биримдикке чакырган илгеркидей парасаттуу карыя, байбичелер да сейрек болуп бараткандай сезилет.
-Карыя деп калдыңыз, кийинки убакта аталардын кадыры кеткендей..
-Мунун да чындыгы бар. Илгери атабыздын айтканы бизге аскердик мыйзамдай эле болчу. Кыздар күүгүмдөн тарта сыртка чыкчу эмеспиз. Байке, инилерибиз бир жакка атабыздан суранып жатып араң барышчу. Түнкү саат ондордо текши уктамай. Атабыздан корккондуктан апам кечиккен баласынын төшөгүндө бирөө уктап жаткандай кылып жасап койчу. Апам атамды “Падышам” деп койчу. “Мына адышам балдардын баары жайында” дегенде гана атам уйкуга кетчү. Анан бир байкаганым, апам атамдын кийимдерин жерге таштабай, тебелетпей, дайыма жогору коюп коёр эле. Келиндүү болгонубузда апам атама “Падышам келиндүү болгондо кол узарат, тил кыскарат. Ачууң келсе сабырдуу бол, абышкам” дегенин көп уктум. Анан экөөнүн келинге билгизбеген пароль сөзү бар болчу. Атам туура эмес сүйлөп баратса апам “Абышкам, байлап жаткан койлорго чөп салдыңбы?”,- дегенде атам тып токтоп калар эле. Карабайсыңбы, эмне деген акылмандык, сабырдуулук, түшүнүүчүлүк. Негизи ата кадырланган үй-бүлөнүн эркек балдары өзүнө ишенимдүү, бекем болушат. Аял башчы болуп алган үйдүн балдарынын келечеги анча жакшы болбой калат. Анын үстүнө уруш-талаш, жаңжал атанын да, эненин да кадырын кетирет.
-Азыр дин жолундагылар, коучтар “Аялдын тапканы өзүнүкү, а эркектики жалпы үй-бүлөнүкү” дегенди көп айта башташты. Буга эмне дейсиз?
-Азыр биз XXI кылым болгондуктан аял да, эркек да бирдей эле иштеп калды. Менимче, эркеги деле, аялы деле тапканын ортого коюп, “Мен мынча таптым, сен мынча таптың. Муну буга, тигини тигиге сарптайлы” деп кеңешип оокат кылганга жетпейт го. Аял иштеп тапканын жалаң өзүнө жумшап, алтын, бриллианттарды тагынып, сулууланып жүрсө, күйөөсү кулдай иштеп тапканын үй-бүлөсүнө жумшашы керек деген милдеттеме да, мыйзам да жок. Эркек да адам. Кийинип, ичинип, эс алгысы келет. Ал темир эмес, чарчайт. Аял өзүнүкүн өзүнө жумшаса, эркек баарын камсыздаса “Бөрүнүкү орток, кузгундуку куу жыгачтын башында” дегендей эле болуп калбайбы. Эне, аял катары мен буга таптакыр каршымын. Кыргыз бекеринен “Өлө жегенче, бөлө же” деген. Эрди-катын болгондон кийин, бала-чака, үй-бүлө экөөнүкү болгон соң тапкандары да бир болушу керек. Мисалы, менин жолдошум айлыгын мага өткөрүп берчү. Мен экөөбүздүн маянабыз каякка жумшалганы боюнча отчёт берсем, “Эми мен сага ишенем да” деп койчу. Ага карабай эсеп-кысапты дайыма жазып турчумун. Эсимде, бир жолу бир сүрөттү жакшы көрүп сатып алдым. Жолдошуман сестенип жатып сүрөт сатып алганымды айтсам “Эмне болмок эле, жакшы сүрөт экен” деп койду. Бул менин күйөөмдөн коркконум эмес, ыйбаа кылганым. Азыркы жаштар деле бири-биринен тапканын жашырбай, акылдашып сарпташса ынтымак бекемдеп, ортодо ишеним бекемдейт.
Мелис СОВЕТ уулу, “Кыргыз Туусу”
(уландысы бар)

