Чүй облусунун Ак-Суу айылында заманбап айыл чарба продукциясын тоңдуруучу комплекс ишке кирет. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) маалымдады.
Долбоорду каржылоону РКӨФ жана өлкөнүн айыл чарба продукциясын экспорттоочу ири ишканалардын бири “Кыргызцентропродукт” ЖЧКсы камсыз кылат. Жаңы комплекс аянты болжол менен 5 миң чарчы метрди түзүп, бир убакта 3 миң тоннага чейин тоңдурулган мөмө-жемиштерди жана жашылчаларды сактоого мүмкүнчүлүк берет.
РКӨФтүн башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков белгилегендей, долбоор 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасынын максаттарына жооп берет. Жаңы комплекс фермерлерден түшүмдү үзгүлтүксүз кабыл алып, аны узак мөөнөткө сактап берет.
Ак-Суудагы жаңы комплекс фермерлердин продукциясын эл аралык стандарттарга ылайык сактоого жана экспорттун көлөмүн көбөйтүүгө өбөлгө түзөт. Акыркы жылда тоңдурулган мөмө-жемиштердин жана жашылчалардын экспорту дээрлик төрт эсеге өсүп, 3 миң 632 тоннага жеткен.


