Агроном Раиса апа

              Жетимиш жаштагы Раиса эне жашоосунун  дээрлик элүү жылын айыл чарбага арнаган. Анын чыныгы кесиби дагы, аткарган иши дагы багбанчылык. Жашынан агрономдук кесипти аркалап Ысык-Көл облусунун, Жети-Өгүз өрөөнүндө алма, өрүк, алмурут, карагат, малина жемиштеринин түрдүү сортун өстүрүп келет. 

Раиса Төлөгөнова эмгек жолун 1976-жылдан баштаса, дээрлик жыйырма жылдай совхоздун алма багында агрономдук кесипти аркалаган. Эгемендиктен кийин деле ошол тармакты аркалоону уланткан. Ал 1994-жылы үлүш катары бөлүнгөн 1 гектар жерди бак кылууга өткөн. Башында ошол жерди гана иштетсе, жыл сайын айылдыктардын жер үлүштөрүн сатып алып отуруп жерин 30 гектарга жеткирген. Албетте, мындай жетишкендик бир күндө келбей, канчалаган аракетти, талыкпаган эмгекти, жайы ысык аптапта, жазгы жамгырлуу күндөрдө бактын түбүн тазалап, отоо чөбүн терип, бак-даракка дарысын чачып, канчалаган эмгектин аркасынан гана келээрин каарманыбыз өз сөзүндө баса белгилейт.

Агроном айым, бир эле бак өстүрүү менен чектелбеди. Орусия жана башка чет өлкөлөрдөн алма, өрүк, алмурут, карагат, малинанын ар кандай жаңы сортторун алдырып, аны жергиликтүү сорттор менен чаңдаштырып, өстүрүп көрүп, биздин аймакка, аба-ырайына дал келүүчү, зыянкечтерге чыдамдуу, мол түшүм берчү эң мыктысын тандап өстүрө баштайт. Ошол сорттордон көчөт өстүрүп, кийин
элдерге сатат. Бул сорттор 3 жылда жетилип, 8 жылда кенен мөмө берип, 50 жылга чейин жашайт, түшүмдүүлүгү мол болот. Раиса апанын айтымында, алар кардарларга жөн эле көчөттөрдү сатып коюшпайт. Ар бир кардарынын жеринин, аба-ырайынын өзгөчөлүгүнө маани берип, көчөттөрдү отургузуу, кароо жагын дагы үйрөтүшөт. Анын алма көчөттөрүн жергиликтүү көл эли, кыргызстандын башка облустарынан келишип жана Казакстанга чейин алдырып турушат.

Кийин, Раиса апа карагат өстүрүүгө көбүрөөк маани бере баштайт. Карагаттын дагы эң сапаттуу, даамдуу делген чыныгы Ысык-Көлдүн карагаттарын өстүрүп, өнүктүрөт. Бул көлдүн карагаттары даа-мы менен да, ден соолукка пайдалуулугу менен да өзгөчө бааланып, кардарлардын суроо-талабына ээ. Раиса апа белгилегендей, жалаң табигый, органикалык жер семирткичтер менен өстүрүлгөндүктөн, организмдеги гемоглобинди көтөрүүгө, иммунитетти чыңдоого жана көздүн көрүүсүн жакшыртууга абдан пайдалуу деп эсептелинет. Ал Польшадан атайын карагаттын, алма, алмуруттун жаңы сортторун алдырат. Карагаттын үч сортун алып келсе, анын экөөсү гана кыргыз жергесине өсүүгө жарамдуу болуп чыгат. Малинанын твен, тизель деген сортторун дагы алып келип, ушул сорттордун башка мөмөлөргө караганда мыктылыгын көрүп билет. Жогорудагы малинадан жасалган шире, кыямдардын даамы бир сонун. Раиса апа малина менен карагаттын ошол мыкты делген сортторун көбөйтүп, элге таркатып келишет. Карагат өстүрүүгө студент кезинен кызыгып, жада калса Айыл чарба институтун бүтүрүүдө дипломдук ишинин темасын да карагат өстүрүүгө багыттаган экен. Негизи Раиса апа айыл чарбасында бир тараптуу эмес, универсалдуу агроном. Карагат же алма эле өстүрөм дебейт, колунан бардык мөмө, жер-жемиштерди өстүрүү
келет.

“Социалдык тармактар аркылуу жарнама кылган көрүнгөн эле сортту ала бербегиле. Андай башка өлкөдө өстүрүлүп келген сортторду, алгач бизге ылайыкташтыруу абзел. Ошондон кийин гана кайсы мөмө сорту болбосун жакшы же жаман деп айтууга болот” деп билдирген Раиса апа, учурдагы интернет булактары аркылуу башаламан сатылган көчөттөрдү алууда этият болууга чакырат.

Айыл чарба тармагы бир эле эмгекти эмес, ар тараптуу изилдөөнү, окууну, өзгөчө азыркы заманда жаңы технология-лардын өнүгүүсүн колдонуу зарыл экенин каарманыбыз айтып эле койбостон, өзү дагы жетимишти аркалап калганына карабастан, изденүү үстүндө. Ал айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн сортторго маани берип, аларды лаборатория катары өстүрүп көрсөтүүчү сорт сыноо станцияларын көбөйтүү зарылчылыгын белгилейт. Сорт сыноо станциялары кандай гана мөмө же жашылча болбосун анын сапаттуулугуна, сактоо мөөнөтүнө, дагы
башка бардык ыңгайлуулук-тарына маани берип, сорттордун мыктысын коомго
жайылтмак.

Элүү жылдык тажрыйбага ээ агроном Раиса Төлөгөнованын айтымында, “учурдагы айыл чарбасындагы негизги көйгөйлөрдүн бири биз экспортко көп чыга албай жатканыбызда. Мисалы, алманы алсак, мөмөлөрү ар кандай формада, тустөрү да бирдей эмес. Бул кыргыз алмаларын чет өлкөлөргө чыгарууга чоң кедергисин тийгизип жатат”.

Ал эми сапаттуу жана даамдуу мөмөлөр, мыкты делген сорттордон гана пайда болорун дагы бир ирет каарманыбыз белгилеп кетет. Айталы, алманын жеромин, старкрипсон, супер чиф, реф чиф сортторун дүйнөлүк базар алууга даяр. Себеби, бул мөмөлөр эл аралык талаптарга жооп берип, узак жолго чыдамдуу келет.

Буга чейин кокон гилас Ысык-Көл тарапка өстүрүлбөйт делген болсо, акыркы учурда бул ырастоону багбанчылар бузушуп, көл аймагына да кокон гилас өстүрө башташкан. Аба-ырайынын шартына байланыштуу бир аз кечигип бышканы менен түштүк тараптагы кокон гиластын түшүмү аяктаган мезгилде бышып, кайра эле кардарлардын талабына ээ болот. Көлдүн кокон гиласына өзгөчө кытай эли кызыктар. Бирок бул тарапта кокон гилас аз эгилип жаткандыктан,  көп тоннадагы мөмө чыкпай келет. Агроном айымдын айтымында, багбандар бири-бири менен тыгыз иштешип, Кыргызстандын түштүк жергеси менен түндүк аймактарындагылар тынымсыз тажрыйбалары менен бөлүшүшсө,  айыл чарба тармагында дагы чоң ийгиликтер
жаралмак.

Ар тараптуу окууларды, изилдөөлөрдү көрүп айыл-чарба жаатында ийгилик жаратуууга көзү жетип калган агроном айым, ишкердикти колдоо борборунан аз
пайыздагы кредит каражатына элүү гектар жер үлүшүн алып, аны дагы иштетүүнү баштаган. Учурда иш кызуу жүрүүдө, жер айдалып, көчөттөр тандалып дегендей. Чет өлкөлүктөрдүн табигый жана даамдуу кыргыз айыл чарба продукцияларына болгон кызыгуулары, агрономдун эл аралык деңгэээлге чыгуусуна чоң өбөлгө болууда.

Ал айыл чарбасы экспортко ылайыктуу продукцияларды чыгарып, эл аралык деңгээлге чыгуу үчүн ар бир аймактарга логистикалык борборлор уюштурулуп, алар менен кошо дыйкан, багбандар тынымсыз кызматташуу зарылдыгын белгилейт.

Демек, айыл чарба тармагын өнүктүрүү бир эле дыйкан, багбан жана фермердин колунда эмес. Жалпы өлкө боюнча экономикалык колдоого, ар тараптуу кызматташууларга муктаж. Ал эми байбиче болуп, небере багып, төрдө
отуруу жашына келип калса да, карылыкка моюн сунбай, кайраттуулугу, эмгекчилдиги менен айыл чарбасынын “чемпиону” аталган Раиса Төлөгөновадай апалардын иш билги тажрыйбасы, ар бир жаш агрономго аба, суудай эле зарыл дегибиз келет.

Гүлмайрам РАХМАНБЕРДИЕВА,

 “Кыргыз Туусу”

 

 

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар