Кыргызстанда 2020-жылдан берки үлгүдөгү жалпы жарандык паспортту онлайн алмаштыруу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Бул тууралуу Кызмат мамлекеттик мекемеси 19-февралда билдирди.
Маалыматка ылайык, паспорт алмаштыруу боюнча арыз Түндүк мамлекеттик тиркемеси аркылуу кабыл алынат. Документ арыз берилген күндөн тартып 18 жумуш күнүнүн ичинде даярдалат.
Онлайн тартипте паспортту төмөнкү учурларда алмаштырууга болот: документтин колдонуу мөөнөтү бүткөндө, жеке маалыматтар өзгөргөндө, паспорт жараксыз абалга келгенде же жоголгондо.
Арыз берүүдө жарандар фамилиясын, атын жана атасынын атын латын арибинде транслитерациялоону өзгөртө алышат.
Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 20-августундагы токтомуна ылайык, жалпы жарандык паспортто атасынын аты (эгер бар болсо) жарандын каалоосу боюнча көрсөтүлөт. Ал эми ID-картада атасынын аты милдеттүү түрдө жазылат.
Паспортту онлайн алмаштыруу учурунда сүрөттү мобилдик телефон аркылуу жүктөөгө же тиркеменин ичинде тартууга болот. Ошондой эле калкты тейлөө борборлорунда тартылган сүрөттү уникалдуу штрих-код аркылуу тиркемеге жүктөө мүмкүнчүлүгү каралган.
Онлайн кызматты пайдалануу үчүн иштеп жаткан электрондук булуттуу кол тамга талап кылынат. Анын бар-жогун “Түндүк” тиркемесиндеги жеке кабинеттен текшерүүгө болот.
Кошумча маалымат алуу үчүн жарандар 119 кыска номуру аркылуу акысыз байланышса болот. Паспорт алмаштыруу акысы тууралуу маалымат азырынча жарыялана элек.

