Трамп: Иран маселесинде дипломатия каралат, бирок күч колдонулуп кетиши мүмкүн

0
1935

Дональд Трамп Иран маселесинде биринчи кезекте дипломатиялык жолду тандай турганын, бирок зарыл болгон учурда аскердик күч колдонууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Левитт маалымдады.

Анын айтымында, акыркы чечимди ар дайым президент өзү кабыл алат. Ошондой эле мамлекеттик катчы Марко Рубио Конгресстин лидерлерине Тегерандын айланасындагы соңку окуялар боюнча маалымат берери кабарланды.

АКШ Иранга карата чабуул ыктымалдыгын четке какпай, Перс булуңуна кошумча деңиз күчтөрүн жөнөткөн. 19-февралда Трамп Тегеранга өзөктүк программасы боюнча жаңы келишим түзүү үчүн 10–15 күн мөөнөт берерин айткан.

Вашингтон жана Батыш өлкөлөрү Иран атомдук курал жасоого умтулуп жатат деп эсептешсе, Тегеран өзөктүк программасы тынчтык максатта экенин билдирүүдө. Тараптардын Оман ортомчулугу менен жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрүнүн кезектеги айлампасы Женева шаарында өтөрү маалымдалды.

Январь айында Ирандагы өкмөткө каршы нааразылык акциялары күч менен басылгандан кийин АКШ аталган өлкөгө карата кысымды күчөткөн. Трамп бул маселеге Конгресстеги жылдык кайрылуусунда да токтолушу мүмкүн.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз