Башкы беткеМаанилүүКыргызстанда жашыл экономиканы өнүктүрүү программасы бекитилди

Кыргызстанда жашыл экономиканы өнүктүрүү программасы бекитилди

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2029-жылга чейин жашыл экономиканы өнүктүрүү программасын бекитти. Тиешелүү чечимге Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Программа жашыл экономиканын принциптерин бекемдеп, өлкөнүн приоритеттүү тармактарында экологиялык туруктуу долбоорлорду ишке ашырууну көздөйт. Анын алкагында иш-чаралар планы, индикаторлордун матрицасы жана ресурстук баасы бекитилди.

Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө планды сапаттуу жана өз убагында аткаруу милдети жүктөлдү. Ошондой эле жоопкерчилик түздөн-түз жетекчилердин жеке милдети катары белгиленди.

 Программа 2029-жылга чейин жашыл экономика аркылуу экологиялык коопсуздукту камсыздоого жана туруктуу өнүгүүгө өбөлгө түзөт.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар