Башкы беткеРубрикаларАймактарЫлай-Талаа айылында жаңы мектеп курулууда

Ылай-Талаа айылында жаңы мектеп курулууда

Кара-Кулжа районуна караштуу Ылай-Талаа айылында жаңы мектеп курулууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, курулуш иштери республикалык бюджеттин эсебинен башталды.

Долбоор боюнча мектеп 150 орунга ылайыкталып, эки кабаттуу окуу корпус, өтмө галерея жана спорт залы менен курулат. Мындан тышкары, сырткы кичи футбол талаасы жана волейбол, баскетбол аянтчалары да каралган.

Мектептин жалпы аянты 1000 чарчы метрди түзөт.

Куруу, жасалгалоо иштерин Турак жай-жарандык курулуш департаменти көзөмөлдөйт.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар