whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
13.06.2025
16.8 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоом“Нарк куржундан” куюлган уюткулуу сөздөр...

“Нарк куржундан” куюлган уюткулуу сөздөр…

Сүйүнбек мырзанын Мамкатчылык кызматтан өз каалоосу менен кетиши көпчүлүк үчүн өтө күтүүсүз болду. Ооба, түбөлүктүү эч нерсе жок, бирок, ал өз кызматтык милдетин кемелине келтире аткарып жатканын жамы журт жакшы билип калды эле.

Аны жакындан жакшы билген бизге окшогондордон мындай таланттуу, ар тараптуу адам буга чейин көрүнбөй кайда катылып жатты эле деп сурагандар көп болгон. 4 жылдан ашуун Мамкатчылык кызматта ал элге жарк эте тааныла алды. Ага чейин анча көңүл бурулбай, үстүртөн айтылып келаткан улуттук идеология, нарк-насил, каада-салт, мамлекеттик тил, элдик курултай, өнүгүүнүн уңгу жолу жана башка омоктуу идеялар, саамалыктар, демилгелүү аракеттер С.Касмамбетовдун учурунда кыйла жанданып, бийик деңгээлге көтөрүлө алды. Ал жалпы журттун колдоосуна ээ болуп, калк катмарын өзүнө кеңири тарта алды. Мына ушундай алгылыктуу аракеттер президенттин жарлыктары, өкмөттүн токтомдору менен коштолду.

Ушундай уңгулуу жолдун башатында, аны жүзөгө ашыруунун алдыңкы сабында Мамкатчы С. Касмамбетов турду. Анын нарк куржунунан куюлган уюткулуу сөздөрү элге кеңири тарады, кулактарына куттай уюду. Улуттук дем, сезим, ар-намыс жанданып, бийик деңгээлге көтөрүлдү. Ушуну менен С.Касмамбетов кыргыз мамлекетинин тарыхында өзүнүн өчпөс изин калтыра алды.

Анын мамлекеттик ишмердүүлүгү, бай тажрыйбасы, уюштуруучулук зор жөндөмдүүлүгү башкалар үчүн үлгү болсо, накыл сөздөрү, орундуу ой пикирлери муундан муунга айтылып кала берери шексиз. Ал азыр Пайгамбар жашынан ашып, бардык жактан жетилген куракка келген учуру. Анын көп жылдык бай тажрыйбасы, ар нерсени терең билгени, эл арасындагы кадыр-баркы мамлекет үчүн дагы да пайда алып келерине терең ишенебиз!

А.СУЛТАНБАЕВ,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар